ТАБИЯТ ТААНУУ ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ДЕКАНДЫК ШАЙЛОО ӨТКӨРҮЛДҮ
ТАБИЯТ ТААНУУ ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ДЕКАНДЫК ШАЙЛОО ӨТКӨРҮЛДҮ
2024-жылдын 2-ноябрында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Табият таануу жана география факультетинде декандык кызмат орун бошогондугуна байланыштуу шайлоо болуп өттү.
Шайлоо билим берүү мыйзамдарына ылайык, университеттин окумуштуулар кеңешинде түзүлгөн комиссиянын көзөмөлүндө өттү. Декандыкка талапкерди факультеттетин профессордук-окутуучулук жамааты бир добуштан ишеним көрсөтүп, аныктап беришти.
Табият таануу жана география факультетине биология илимдеринин кандидаты Долонова Гульмира Маматовна декан болуп шайланды.
Жыйынтыгында университеттин ректору п.и.д., профессор: Зулуев Бекмурза Бекболотович факультетти буга чейин ийгиликтүү жетектеп келген г.и.д., профессор Ашырбек Топчубаевге ыраазычылык билдирүү менен окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүндө үзүрлүү эмгеги бар экенин баса белгилеп, жаңы шайланган деканды алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.