Кара-Кыргыз облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы
Бүгүн 10-октябрь факультетибизде Кара-Кыргыз облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жана мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган маданий кече уюштурулду.
Иш-чарага факультетибиздин окуу иштери боюнча декандын орун басары Жоодар Илиязов, биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын башчысы, профессор Анарбай Бабеков баштаган окутуучулар жааматы жана студенттер күбө болушту. Майрамдык салтанат мамлекеттик тилди сактоого, анын кадыр-баркын көтөрүүгө жана өнүгүшүнө салым кошуу максатында өткөрүлүп, мында таланттуу студенттерибиз кыргыз тилинин баалуулугун даңазалаган сахналык көрүнүштөрдү тартуулап, комузда кол ойнотушту. Бул менен бирге көркөм окуу, обондуу ыр, бий, программалары да аткарылды.
Майрамдык иш чара 23-сентябрь “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында өткөрүлдү.