ТАБИЯТ ТААНУУ ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ “ТОО МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ” ТЕМАСЫ БОЮНЧА ЛЕКЦИЯ ЖАНА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ
ТАБИЯТ ТААНУУ ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ “ТОО МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ” ТЕМАСЫ БОЮНЧА ЛЕКЦИЯ ЖАНА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ
2024-жылдын 1-октябрынан 12-октябрына чейин Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Тоо маселелери жана климаттын өзгөрүүсү” аталышында 10 күндүк иш чаралар пландалды.
Анын алкагында 6-октябрь күнү “Климаттын өзгөрүүсүнө жана туруктуу өнүгүүгө ыңгайлануу”, деген темада х.и.к., профессор Бабеков А.У. Тарабынан Гуманитардык жана Музыкалык-педагогикалык факультетинин студенттерине лекция өтүлдү. Лекциянын жүрүшүндө лектор го студенттер тарабынан бир катар суроолор берилип ага жооп алышты. 8-октябрь күнү Дене-Тарбия факультетинин студенттерине “Табигый кырсыктар тобокелдигин азайтуу. Климаттын өзгөрүүсү жана тамак аш коопсуздугу” деген темада б.и.к., Долонава Г.М., магистр окутуучу Мамасадык у А. Тарабынан лекция өтүлдү. Мында климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери жана тамак аш коопсуздугунун бүгүнкү күндөгү абалы жана келечеги талкууланып студенттерге жаңы маалыматтар менен бөлүшүштү.
Ал эми 10- октябрь күнү “Климаттын өзгөрүүсү жана адамдардын саламаттыгы. Жашыл бак дарактардын саламаттыкка тийгизген таасирлери” деген аталышта Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын улук окутуучу Гулзада Абазбековна тарабынан студенттерге тегерек стол уюштурулду.
Тегерек столго ОшМПУнун илимий иштер боюнча проректору Абсатаров Равшан жана факультеттин окутуучулары менен студенттери катышты.
Тегерек столдо бүгүнкү күндөгү дүйнө жүзүндө болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөрдүн себептери, анын өзгөрүүсүнүн тоо экосистемасына тийгизген таасири, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлануу, алдын алуу менен чечүү маселелери талкууга коюлду.
Саамалык коомчулуктун жана студенттердин экологиялык маданияттуулугун калыптандыруу, жаратылышты ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоого тарбиялоо максатында уюштурулду.