ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ 1-КУРСТАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТҮРДӨ КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ
ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ 1-КУРСТАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТҮРДӨ КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ
Бүгүн 14-ноябрь факультетибизде Б(б)-1-24, Г(б)-1-23, жана Х(б)-1-24 тайпаларынын студенттерин 1-курска кабыл алуу кечеси болуп өттү. Мында окуу жайыбыздын ак босогосун жаңыдан гана аттап жаткан 1-курстун студенттерине уюштуруучулар ачуу, таттуу даамдардан оозантып кол чабуулар менен тосуп алышты. Факультетибиздин жаштар комитети тарабынан даярдалган, чакан концерттик программа тартууланды.
Кеченин соңунда факультеттин деканы б.и.к., Долонова Г.М. сөз берилип билимге суусап келген 1- курстун студенттерине факультет боюнча маалыматтарды айтып, студент болушу менен кызуу куттуктады. Ал эми бүтүрүүчү, 4-курстун студенттерине ак жол калаап келечекте биз сыймыктанган, окуу жайыбыздын атын даңазалаган адистерден болушуна тилектеш экендигин билдирип ийлигиликтерди айтып өттү.