ФАКУЛЬТЕТИБИЗДИН СТУДЕНТТЕРИ ДОЛБООР ЖАЗУУ СЫНАГЫНДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
ФАКУЛЬТЕТИБИЗДИН СТУДЕНТТЕРИ ДОЛБООР ЖАЗУУ СЫНАГЫНДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
Табият таануу жана география факультетинин Б-24 тайпасынан куралган “Экодем” командасы “Калдыктарды кайра иштетүүгө катыш” аттуу долбоор жазуу сынагына катышып, байгелүү орунга ээ болушту.
Аталган иш-чара Ош шаарындагы “Орхус” маалыматтык борбору жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулду.
Конкурска Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар ( ОшМУ, ОшТУ, КӨЭУ) жана мектептен командалар катышышты.
Жыйынтыгында байгелүү орунду ээлеген командаларга Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан акчалай сыйлыктар, “Орхус” маалыматтык борборунан баалуу белектер тапшырылды.
“Экодем” командасынын курамы:
1. Тургунбаева Айзирек
2. Толошова Тинатин
3. Алтынбек кызы Нуржамал
4. Бейшенбаева Саадат
5. Музафаржон кызы Гүлзада