28 ноябрь 2024
29
ОшМПУда СТЕЙКХОЛДЕРЛЕР, АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРУЛДУ
ОшМПУда СТЕЙКХОЛДЕРЛЕР, АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРУЛДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин табият таануу жана география факультетинде стейкхолдерлер, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү.
Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө табият таануу жана география факультетинин деканы Гульмира Долонова, х.и.к., профессор Анарбай Бабеков жана т.и.к., доцент Асадулло Куйчиев баштаган профессордук-окутуучулук жаамат стейкхолдерлер менен жолугушту. Мында университеттин ишмердүүлүгү жана стратегиясы талкууланып, андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү сунуштар жана пикирлер айтылды. Бул менен бирге билим берүү программаларынын сапаты, мазмуну, актуалдуулугу тууралуу маалыматтар берилди. Стейкхолдерлер тарабынан айтылган пикирлер, сунуштар кийинки окуу жылында адистерди даярдоодо эске алынат.
Аны улай ата-энелер менен жолугушуу өтүп, мында студенттердин билим алуусу, андагы үй-бүлөлүнүн орду, колдоосу боюнча маанилүү маселелер талкууланды. Ал эми бүтүрүүчүлөр менен болгон жолугушууда бүтүрүүчүлөрдүн профессионалдык өсүшү жана карьералык мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат алмашуу жүрдү. Саамалыктын башкы максаты – бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин жана даярдыгын баалоо, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана университет менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосундагы байланыштарды бекемдөө болуп саналат. Жолугушуунун соңунда атайын суроо-жооп уюштурулуп, катышуучулардан анкеталар алынды.