ВИЧ-СПИД ИНФЕКЦИЯСЫ ТУУРАЛУУ СТУДЕНТТЕРГЕ АРНАЛГАН ТРЕНИНГ
ВИЧ-СПИД ИНФЕКЦИЯСЫ ТУУРАЛУУ СТУДЕНТТЕРГЕ АРНАЛГАН ТРЕНИНГ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде“Калкалайым” долбоорунун алкагында “Жаңы ритм” коомдук уюму тарабынан студенттер үчүн маалыматтык-билим берүү тренинги өткөрүлдү.
Алгач иш чараны ачуу үчүн табият таануу жана география факультетинин деканы Гульмира Долоновага сөз берилип, ал өз сөзүндо студенттер СПИД боюнча өтө терең түшүнүктөргө ээ болуусу зарыл экендигин баса белгилеп, жаштар арасында маалыматтарды жайылтууга, ден соолукту коргоо эң алгачкы орунда болуусу керектигине токтолуп өттү.
Аны улай катышуучуларга тренерлер тарабынан ВИЧ деген эмне, анын жугуу жолдору жана коргонууну алдын алуу тууралуу маалыматтар берилди. Бул менен бирге ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдар туш болгон стигма жана дискриминацияга, коомчулуктун бул темага карата түшүнүгүн өзгөртө турган ыкмаларга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле тренингдин спикерлери ВИЧти эрте аныктоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, “Калкалайым” долбоорунун алкагында студенттерди акысыз жана анонимдүү тестирлөөнүн мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырышты.
Соңунда “Жаңы ритм” коомдук уюмунун өкүлдөрү менен мындан ары да тыгыз кызматташуу маселеси каралды. Алдыда табият таануу жана география факультетинин профессордук-окутуучулар курамынан жана студенттерден түзүлгөн команда менен “Долбоор жазуунун кадамдары" аталыштагы тренинг өткөрүү пландаштырылды.
Белгилей кетсек аталган иш чара жаштар арасында ВИЧ/СПИДдин алдын алуу ыкмалары жана үзгүлтүксүз тестирлөөнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу максатында жыл сайын белгиленүүчү 1-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган.