25 декабрь 2024
20
Абжапарова Айнура Манаповна 2024-жылдын 25-ноябрында факультеттин биология адистигинин 3-курстарынын студенттерине ачык саат өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин табият таануу география факультетинин "Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу " кафедрасынын ага окутуучусу Абжапарова Айнура Манаповна 2024-жылдын 25-ноябрында факультеттин биология адистигинин 3-курстарынын студенттерине "Микробиология вирусологиянын негиздери менен" предметинен "Микроорганизмдердин осумдуктор, жаныбарлар жана адамдар менен байланышы" аталышындагы заманбап окутуунун технологияларын пайдалануу менен ачык сабак откорду. Ачык сабакка факультеттин 10дон ашуун профессордук-окутуучулук курамы катышып, акырында катышкан ар бир окутуучулук курам лектордун билим денгээлинин терен, сабактын илимийлуулугун жана окутуу усулун жогорку денгээлде деп баалашты.