ФАКУЛЬТЕТИБИЗДИН СТУДЕНТТЕРИ СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДУ КАМСЫЗДАП СЫЙЛАНЫШТЫ
ФАКУЛЬТЕТИБИЗДИН СТУДЕНТТЕРИ СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДУ КАМСЫЗДАП СЫЙЛАНЫШТЫ
Бүгүн ОшМПУда студенттер ортосунда уюштурулган спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлоо аземи уюштурулду.
Саамалык окуу жайдын чоң жыйындар залында өткөрүлүп, ага университеттин окуу иштери боюнча проректору Райимбеков К.Т., жаштар комитетинин төрагасы Кадырмамат уулу Чыңгыз окутуучулар жана студенттер катышты.
Мында 17-ноябрь-Эл аралык студенттер күнүнө карата өткөрүлгөн факультеттер аралык оюнда спорттун волейбол түрүнөн факультетибиздин кыздар курама командасы 3- орун, спорттун шахмат түрүнөн командабыз 1-орунду ал эми 1-курстун студенттери ортосунда уюштурулган спорттун волейбол түрүнөн кыздар командасы 2- орунду алышты.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Спорттук иш-чарага катышкан студенттерди факультетибиздин деканы б.и.к., Долонова Г.М. Куттуктап окууда жана коомдук иштерде активдүү болуу чакырып окууларына ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек саамалык студенттерди дене тарбиялык жана руханий жактан өнүктүрүү, спортко болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана жаштар арасында мыкты спортчуларды аныктоо максатында уюштурулган.