ФАКУЛЬТЕТИБИЗДЕ СТЕЙКХОЛДЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ.
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин табият таануу жана география факультетинде стейкхолдерлер менен жолугушуу уюштурулду.
Иш чарада алгач табият таануу жана география факультетинин деканы Гульмира Долонова, х.и.к., профессор Анарбай Бабеков жана т.и.к., доцент Асадулло Куйчиев баштаган профессордук-окутуучулук жаамат стейкхолдерлер менен жолугушту. Мында университеттин ишмердүүлүгү факультеттин стратегиясы талкууланып, андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү сунуштар жана пикирлер айтылды. Бул менен бирге билим берүү программаларынын сапаты, мазмуну, актуалдуулугу тууралуу маалыматтар берилди.
Практика жана ишке орноштуруу: Студенттердин практикадан өтүүсү, стажировкасы жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сүйлөшүлдү. Ошондой эле университет менен мектептердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү.
Стейкхолдерлер тарабынан айтылган пикирлер, сунуштар кийинки окуу жылында адистерди даярдоодо эске алынат.