ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ЖАШТАР КОМИТЕТИНИН КУРАМЫН ШАЙЛОО БОЛУП ӨТТҮ
9-сентябрь күнү факультетибизде жаштар комитетинин курамын шайлоо болуп өттү.
Факультетибиздин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Мамасадык уулу Арстанбек факультеттин жаштар комитетинин максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүп, комитеттин жаңы курамын түзүүдө дилгир, мыкты, аракетчил студенттер структуранын курамына шайланышына тилектеш экендигин айтып өттү.
Жаштар комитетинин төрагалыгына эки талапкер катышып, жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Б-23 тайпасынын студенти Маманов Кумарбек Жолдошбекович жаштар комитетинин төрагасы болуп шайланды.
ТТГФнын жаштар комитетинин курамы:
Төрага: Маманов К.Ж.
Төраганын орун басары: Толошова А.А.
Маданий уюштуруу секторунун башчысы: Тургунбаева А.Б.
Илим секторунун башчысы: Ахматжанова С.С.
Кыздар кеңеши: Мавланова Д.
Спорт секторунун башчысы: Абдашимов Б.
Маалымат секторунун башчысы: Мамадалиева С.М.
Жаштар комитетинин жаңы курамына алдыда аткарыла турган иштерине ийгиликтерди каалайбыз.