Кесиптик-профилдик практика алдында студенттер үчүн усулдук конференция өткөрүлдү.
2025-жылдын 15-сентябрында Табият таануу жана география факультетинин (ТТГФ) биология жана химия багытында окуп жаткан күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн студенттери үчүн кесиптик-профилдик практика алдында усулдук конференция өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттерди практика мезгилинде аткарыла турган иш-чаралар менен тааныштыруу, аларга теориялык жана методикалык жактан көмөк көрсөтүү болуп саналат. Конференцияга төмөнкү тайпалардын студенттери активдүү катышты:
Б(б)-1-22, Х(б)-1-22, Бд-1-21, жана Бд-2-21.
Конференциянын алкагында студенттер үчүн пайдалуу жана практикалык багыттагы мастер-класстар уюштурулду. Аларды факультеттин тажрыйбалуу окутуучулары — б.и.к., доцент Г.М. Долонова, улук окутуучулар Г.А. Сагынбаева жана К.Б. Кошуева өткөрүштү. Мастер-класстардын жүрүшүндө студенттер сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары, предметтик стандарттар, окуучулар калыптануучу компетенциялар, көндүмдөр, окуучулар менен иштешүүнүн формалары жана практика учурунда колдонулуучу дидактикалык каражаттар тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышты.
Ошондой эле конференцияда окуу жайдын практика боюнча жооптуу жетекчиси, п.и.к., доцент Г.Ж. Байышова сөз сүйлөп, практика өтүүнүн максаты, мазмуну, этаптары жана баалоо критерийлери тууралуу кеңири баяндама жасап берди. Ал студенттерге практика учурунда этика, убакытты туура пайдалануу, документтерди так жана өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштарды берип, практиканын жыйынтыгында күтүлүүчү натыйжаларга да токтолду.