Иш берүүчүлөр менен жолугушуу
Иш берүүчүлөр менен жолугушуу
Аталган жолугушуу “Келечекке жаркын жол” аталышында болуп, аны башталгыч класстын педагогикасы жана усулу кафедрасы уюштурду. Иш чарага кафедранын окутуучулары, студенттери жана шаардагы 16 мектептин директорлору катышты.
Жолугушууну колледждин башчысы Токторбай Кырбашев ачып берип, жалпы бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалоо менен келечекте мыкты адис болууга тилектеш экендигин билдирди. Аны улай таланттуу студенттер чакан концерттик программа тартуулап, видеоролик көрсөтүлдү.
Иш чаранын жүрүшүндө практика жетекчиси Гүлайым Байышова, башталгыч класстын педагогикасы жана усулу кафедрасынын башчысы Жазгүл Касымалиева баяндама жасады. Жолугушуу бүтүрүүчүлөрүн ишке жайгаштыруу максатында уюштурулуп, мында адистикке тиешелүү окуу пландары, билим берүү программалары талкууланып, иш берүүчүлөр тарабынан сунуш-пикирлер айтылды. Соңунда студенттер тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.