Тарбиялык саат » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
24 январь 2024
228

Тарбиялык саат

Жаны жылдык кеченин сценарийи

САЛАМДАШУУ

(Динара)

Кылымдардын далайларын карытып,

Убак келет көп жылдарды бастырып.

Мына кайра келип калды билинбей,

Жаңы жылым ай ааламды жаңыртып.

 

(Сыргайым)

Жаны жыл жакшылыктарды алып келсин,

Жараткан ырыскысын бере берсин.

Жүрөктө өмүр бою өчпөй жанган,

Жүзүбүзгө ыйман кошуп тагып берсин.

 

(Динара)

 Саламатсыздарбы ардактуу агайлар, кымбаттуу эжейлер, суйүктүү студент достор жана кадырлуу коноктор. Баарыңыздарды кирип келе жаткан 2024- жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Кирип келген Жаны жыл жалпыбызга жакшылыктарды алып келсин.

(Сыргайым)

Деген жакшы каалоо тилек менен баарыңыздарды билим кени уялаган Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинин Башталгыч класс педагогикасы жана усулу кафедрасынын  окутуучусу Абдиназарова Рахат эжеке тарабынан уюштурулган

 

(Динара)

Жана ошондой эле бүтүрүүчү 3-курстар  жана бк 23-2 тайпалары тарабынан уюштурулуп жаткан “жаны жыл жылда кооз, жылда жаңы ” аттуу жаңы жылдык кечесине кош келипсиздер демекчибиз.

 

(Сыргайым)

Баарыңыздардын дүркүрөгөн кол чабууңуздар менен бүгүнкү салтанаттуу кечени ачып берүү үчүн сөз кезеги колледждин башчысы, декан Кырбашев Токторбай Култаевичке сөз берилет. ________________________________________________________________________________

 

 

 

 

(Динара)

Кийинки сөз башталгыч класстардын педагогикасы жана усулу кафедрасынын башчысы Касымалиева Жазгул Аскарбековнага сөз  берилет.

 

 

(Сыргайым)

Каалоо- тилек оюн күлкү жаңырык,

Жайнайлычы ак розадай ачылып.

Жаңы жылым жаңы кылым кут болсун деп,

Ак сакалдуу кыш да келди шашылып

 (Динара)

Келсин биздин жаны жыл

Ойноп,кулуп жыргайлы.

Көпкө туруп ойлонбостон,

Бий бийлейли,ырдап жыргайлы.

(Сыргайым)

–Токтой турчу Динара. Бизге  алыстан ат арытып жол карытып, ашуу ашып бел ашып, сапар тартып аяз ата келе жатты эле, аны чакырып алып андан соң баштабайлыбы?

 (Динар) – Кана эмесе достор аяз ата менен аяз кызды биргеликте чакырып албайлыбы

(Залда  АЯЗ АТА, АЯЗ КЫЗ)            ( Аяз ата, аяз кыз кирет)

 

 (Сыргайым)

Саламатсызбы аяз ата, Кош келдиңиз биздин майрамдык салтанатка. Жанатан бери биздин студент достор сизди чыдамсыздык менен күтүп атты эле. Келип калганыңыз жакшы болбодубу.

 

 (Аяз ата сүйлөйт)

Ха-ха-ха саламатсыңарбы менин кичинекей досторум, илимдүү, билимдүү жаштар, агай,эжекелер. Силерди кирип келе жаткан 2024-балык  жылыңар менен куттуктаймын.  Жаңы жыл силерге ийгилик, оомат алып келсин. Ылайым ушул жылы өлкөбүз өнүксүн, токчулук, молчулук болсун. Журтубуз ынтымакта жашап, бай болсун!

Мен алыскы алыскы аска тоолордон ат арытып, жол карытып, бел ашып  чарчап келдим.  Силерге деген белек бечкегимди камдап келдим. Кана эмесе ыр бийлеринерди көрүп эс алып кетейин.

Аяз кыз:

туура айтасыз аяз ата. Ушул жерде майрам деп келип калдык алыстан. Саламатсыңарбы кыздар,  балдар. Силер бизди көптөн бери күткөн чыгарсыңар, силер менен биз бүгүн майрамды өзгөчө тособуз деп ишенип турам.

Жаны жылы келе жатат эшик ачып,

Ааламга жаны жаны бакыт чачып,

Адамдардын куунак тартып көңүлдөрү,

Каалашат бир – бирине чоң чоң бакыт

Жаңы жыл жаны максат өчпөс таалай,

Келе бер баарыбызга бакыт каалай

 

Шамал, аяздын үнү угулганда жаныбарлар баары туш тараптан кирип келишет.

Жолборс: (_Анжелика Бк21-3_) Бул жерде эмне мынча эл көп, жыйналышпы? Же бизди чапканы, токоюмду кыйганы келе жатабы?

Маймыл(_Айчүрөк Бк21-9_) Жоок андай эмес, булар  жылда жыл тогошоор жаңы жылды ушинтип майрамдап тосушат

Чычкан: (_Сыргайым Бк21-1_)айткылачы мындай кооз майрам кайдан келген? Биринчи ким баштаган деп ойлойсунар?

Уй: (_          Бк 21-2_)Жаңы жыл түнү Жыл башы байыркы өлкөдөн эле белгиленип келген.

 Ит: (Кулпунай Бк 21-11)Жаңы жылды күтүү салты бардык элдерге мүнөздүү. Жаңы жылда балатыны жагуу Германияда жашаган элдердин арасында пайда болгон. Ошол  адамдар кыш мезгилинде токойдогу дайыма жашыл карагайдын айланасына чогулуп, от жагып, ырдап, көңүл ачып турушчу.

 Жылан:-(___________Бк21-6) достор, Жаңы жыл бардык элдерде 1-январдан башталбайт. Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш элдеринде «Навруз» байыркы, салттуу Жаңы жылдык майрам.

Уй (________Бк 21-2) Байыркы Римдиктерде март айы жылдын биринчи айы деп эсептелген, анткени талаа иштери ошол мезгилде башталган. Жыл 10 айдан турган, андан кийин айлардын саны 2ге көбөйгөн.

 Жылкы: (_Эленура Бк21-7_) Биздин заманга чейинки 46-жылы Рим императору Юлий Цезарь жыл башын 1-январга жылдырган. Кийинчерээк, анын аты менен аталган Джулиан календары Европага жайылды. Ошентип, Жаңы жылды кыш мезгилинде тосуп калышты.

Кой (_______Бк 21-8) Кана эмесе биз да алар менен болуп чогу майрам тоспойлубу?

Баары башын ийкешип бир ооздон макул болушат.

 

(Музыка чыгып ыр башталат)

Ыр- бк 21-5 Айтурган «Келсин жаңы жыл»

Бий - бк 21-6   Испанский Аиза

Көркөм окуу - бк-21-7 Эленура 3кыз

 

(Динара)

Аяз ата сизди белектери менен келди деп уктук, ошол белектериңизден бербейсизби?

 

(Аяз ата)

Макул берейин, бирок оюн, тамаша уюштургула жеңгенине берейин

 

(Сыргайым)Анда мен уюштурайын. Студент достор мен музыка коемун, силер таап бир куплет ырдашыңар керек. (тапканга аяз кыз аяз атадан белек алып алып барып берет)

 (Динара)

Күүгүмү жок, аппак сулуу таңдардай,
Күлкүгө бай, сүйүүгө бай, шаңга бай.
Көңүл кушун көкөлөткөн обого,
Кандай сонун студенттик күндөр ай.

–Анда эмесе алдыныздарда Бк 21-1 тайпасы өздорүнүн жагымдуу чыгармасы менен

 

Ыр - 21-1 Сыргайым Бк 21-1

Тамашоу - бк 21-9 Айчурок

 

Оюн (Динара алып барат)

Анда эмесе Мен бул жакка куратор окутуучу эжеке агайларды айтамын, аты чыккан эжеке же агай сахнага чыгышы керек. ( Жанара эжеке, Эртөщтүк агай, Аида эжеке, Айсалкын эжеке,  Жазгул эжеке, Айбарчын эжеке, Бубусара эжеке, Бурул эжеке, Айнура эжеке, Замир агай, Осекова Айнура эжеке)

 

 (Сыргайым)

Жаңы достор, жаңы теңтуш курбулар,
Биргелешип келечекке жол улар.
Оттуу курак күлгүн кезди эңсетип,
Жүрөктөрдө жаңырса дейм бул ырлар.

 

Ыр 21-4 Бермет, Бузейнеп  «Жаңы жыл»

Бий 21-12 Айтикан

 

Окутуучуларга оюн уюштурабыз кайрадан  

Аяз кыз алып барат  (Проектордон суроолорду окуйт)

(Ортого мугалим эжекелер чакырат алардын аттары аталат) Адина эжеке, Курманбу эжеке, Жазгул эжеке, Нигора эжеке, Айпери эжеке, Гулкайыр эжеке, Айганыш эжеке, Гулназ эжеке, Зуура эжеке, Асель эжеке, Дамира эжеке, Лариса эжеке, Гулай эжеке, Өмүр агай, Тамира эжеке

 

 

 

 Коен  капа болуп келе жатса алдынан коён чыгат.

Балык:         Амансынбы, коён досум,

(Нурсулуу)   айтканымды туй досум.

(Бк21-5)        Аяктады мөөнөтүн,

                      Темселебей тур досум

Коён: (21-4)

Аманчылык балыгым,

Мененсинбей ук, досум.

Жумуштарым бүтө элек,

Тоскоол болбой чык досум.

Балык:

Унчукпасам тим эле,

Кеткин жок го чайпалып.

Андай жумуш аткардын

Таноолорун барсайып?

Коён:

Курулдобой тура тур,

Мага көңүл бура тур.

Бир аз жуушап алайын

Анан айтам уга тур.

 

Аяз ата: -Жыл жаңырып, кайрадан узап, убакыт учкан куш. Келе жаткан Жаңы Жыл кыргыз элине бакыт-таалай, ынтымак, бөөдө кырсыктан, кайгыдан сырткары болуп, жакшылыктар жылоолосун. Эл турмушу оңолуп, түркүн түйшүктөн арылуусун каалайм. Ансыз да электр жарыгынын төлөмү кымбаттап, жашоо-шарты күндөн-күнгө оорлоду. Канчалаган оор турмушка чыдаган кыргыз, мындан кийинки чыдамкайлыгын да көрсөтөт деген ишеничтемин. Кана балык айтчы сен ушуларга даярсыңбы?

 

Балык:-Келе жаткан балык жылы ак жолтой, бакубат алып келген жылдардан болот. Элибизде тынчтык, кут жылоолоп, материалдык жана руханий байлыгыбыз мол болот. Ар адамдын ойлогон ой-максаты ишке ашып, тилеген тилегине жетишсин. Жаңырган жылда жакшылыктар жылоолоп, барчылыкта жашашат.

 

 

Ыр 23-2 Уулжан , Мээрим

Эмесе алдыңыздарда 1-курстун студенттери Бк 23-2 тайпасы Жаңы жыл ыры менен.

Баары чыгып кошулуп ырдашат

 

(Динара)

Ошентип бугунку «Жаңы жыл жылда кооз, жылда жаңы» аттуу майрамдык кечебиз соңуна чыкты. Баарыныздарды Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!  

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro