«Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасы » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » «Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасы
29 сентябрь 2022
616

«Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасы

«Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу»  кафедрасынын тарыхы.

Алгач “Биология жана биологияны окутуунун усулу»кафедрасы болуп Ош Жогорку Колледж мезгилинде түзүлгөн. 1997-жылы “Табигый илимдер” кафедрасы болуп түзүлүп кафедра башчысы: В.Н. Крапивка дайындалган. Кафедрага: биология, география, химия, токой чарба, физика, концепция илимдери тиешелүү болуп,ошол предметтердин усулдары окутулган.

1999-2000 – окуу жылында кафедраны б.и.к., доцент. Г.К. Омуралиева жетектеген. Материалдык-техникалык база бир топ жакшырган. “Биология кошумча география», “Токой чарба менеджменти” адисдиктери ачылган. Кафедрада биология илимдеринин докторлору, профессор: Каримова Б.К., Токторалиев Б.А., физика-математика  илимдеринин кандидаты, профессор. Д.Ч.Иманбердиев, айылчарба илимдеринин кандидаты Б.Шамшиевдер эмгектенишкен. Окутуучулардын, лаборанттардын саны көбөйгөн.

2000-2003-окуу жылдарында кафедра башчысынын милдетин биология илимдеринин кандидаты, К.Т.Раимбеков жетектеген. Кафедрада биология илимдеринин доктору, профессор Каримова Б.К. биология илимдеринин кандидаты, доцент, Омуралиева Г.К., биология илимдеринин кандидаты, доцент А.А.Кенжебаевдер эмгектенишкен.

2003-2004-окуу жылында кафедра “Биология жана БОУ” деген аталышта бөлүнүп,  өз алдынча иштей баштаган. “Биология кошумча география”, “Биология” адистиктери даярдалган. 2004-2005 – окуу жылында кафедраны Сагынбаева Г.А. жетектеген.  Кафедрада доцент Омуралиева Г.К.  доцент Кенжебаев А.А. иштеп келген. Кафедрада “Жандуу бурч”, “Окуу тажрыйба аянты” негизделген.       

2005-2006–окуу жылдарында м.и.д., профессор С.Т Шатманов кафедра башчысы болуп дайындалган.

2007-2019-жылга чейин кафедраны кафедранын улук окутуучусу Г.М.Долонова жетектеди.  2007- 2008-окуу жылында химия адистиги ачылган. Кафедрада кошумча 309-химия лабораториясы, 312-жандуу бурч каанасы ачылган. 2008-2009-окуу жылында 302-жалпы химия каанасы, 301-биохимия жана жаратылыш бирикмелеринин химиясы кааналары ачылган. Биологиялык  предметтерди өтүү үчүн материалдык-техникалык база бир топ чыңдалган жана сабак өтүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. 2008-жылы кафедра «ОГПИнин мыкты кафедрасы» номинациясына ээ болгон.  2009-2010-жылы кафедра «Биология жана химия» кафедрасы болуп кайрадан түзүлгөн. 2009-2010- окуу жылынын март айында биология жана химия адистигиндеги студенттер үчүн «Виртуалдык лаборатория» ачылган. Кафедрада  1 илимдин доктору, 4 илимдин кандидаттары, доценттер, 3 профессор,  6 ага окутуучу, 2 окутуучу,  2 лаборант иштеген.

             Аталган кафедра 2019-жылдын 6-сентябрында окуу жайдын ректорунун  буйругу менен (Буйрук №07-01.03 п.1) “Экология жана жаратылышты пайдалануу” кафедрасында окуу жүктөмдөрүнүн кескин азайгандыгына байланыштуу кафедра жоюлуп, жогоруда аталган «Экология жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасы “Биология жана химия” кафедрасына кошулуу менен  «Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасы болуп кайрадан түзүлүп, ошол күндөн баштап кафедраны х.и.к., профессор А.У.Бабеков (Б№07.01-12. П 1 29.10.2019.) жетектеп келүүдө.

Бүгүнкү күндө кафедрада 5 илимдин кандидаты, доцент-профессорлор, 6 магистр, 6 улук окутуучу, 3 окутуучу, 1 лаборатория башчысы жана 1 лаборант эмгектенишүүдө.

2021-жылы кафедра башчысы профессор А.У.Бабековдун жетекчилиги менен аталган кафедранын базасында магистратура жана аспирантура бөлүмдөрү ачылган.

Кафедрада эмгектенген профессордук-окутуучулук курам “Биология”, “Химия”, «Экология» адистиктери боюнча бакалавр академиялык даражасын алуу үчүн квалификациялуу адистерди мезгил талабына ылайык инновациялык жана интерактивдүү усулдарды пайдалануу менен даярдап келүүдө.

 

Кафедранын даярдаган адистиктери

 

550100 – Табигый илимий билим берүү багытында “Биология” , “Химия” адистиктери, 520800«Экология жан ажаратылышты пайдалануу» адистиктери даярдалууда.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro