Мугалимдер күнүнө карата ректордун куттуктоосу » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Мугалимдер күнүнө карата ректордун куттуктоосу
5 октябрь 2022
801

Мугалимдер күнүнө карата ректордун куттуктоосу

Урматтуу кесиптештер, кадырлуу устаттар!

 

Баарыңыздарды мугалимдер күнү менен чын дилимден куттуктайм. Сиздер, дүйнөдөгү кесиптердин ичинен эң жоопкерчиликтүү, ардактуу кесипти аркалап, анын үзүрү менен түйшүгүн тең тартып, күн сайын балдарга мээрим тартуулап, билим берип келе жатасыздар. Кайратмандык менен күжүрмөн эмгектенип, изденип, ак кызматыңыздарды  агартуу тармагына арнагансыздар. Өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактаган, биримдигин бекемдеп, өнүктүрө турган, жалындуу жаштарды тарбиялап, билимдүү келечек ээлерин даярдоо бул сиздердин колуңуздарда турат. Ошондуктан убакыт менен тең жарыша эмгектенип, заман талап кылган деңгээлде креативдүү, жаратман жана мыкты мугалим болушуңуздарга коом муктаж. 

 

Мугалим-бул билимсиздик, сабатсыздык менен тымызын согуш жүргүзүп келген, билимдүү келечекке сүрөгөн сыймыктуу кесип.

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл-ой тилектерибиз эң алгач мектеп жана биринчи мугалимибиз менен байланыштуу. Адамдардын руханий байлыгы мугалим аркылуу калыпка салынаары да белгилүү. Андыктан адамдардын жан дилине билимдин үрөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн эжеке-агайларга алкышыбыз чексиз. Сиздерге бекем ден соолук, үзүрлүү эмгек жана бакубат жашоо каалайм.

Терен урматым менен ОшМПУнун ректору Зулуев Бекмурза Бекболотович.

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro