Дене тарбия жана спорт кафедрасы » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Дене тарбия жана спорт кафедрасы
9 сентябрь 2022
508

Дене тарбия жана спорт кафедрасы

Дене  тарбия  жана спорт кафедрасы

 

Кафедранын  девизи: Спорт тынчтыктын жарчысы.

 

Кафедранын миссиясы: Кафедранын  миссиясы– Студенттердин  ден  соолугун  чыңдоо, сергек  жашоого, спортко  болгон  кызыгуусун  артыруу.

 

Кафедранын  тарыхы

 

1998-жылга  чейин  дене  тарбия  предметтик тобу болуп аталган.

Анда азыркы Ош мамлекеттик педагогикалык университети Ош педагогикалык окуу жайы, кийин Ош педагогикалык  колледжи андан кийин Ош жогорку колледжи кийин ОШ Гуманитардык педагогикалык иниституту деп аталып келген.

Дене  тарбия  предметтик  тобунун  (секциясынын  жетекчиси  болуп,  убагында  Асанов  Токтомурат  Асанович , Тургунбаев  Мойдун  Маматалиевич,  Жумабаев  Мурзаш  Жумабаевич,  Сапалиева  Мукен Сапалиевна, Узакбаев  Ибрагим Советовичтер  иштешкен.

1998-жылдын 1-апрелинде  «Денетарбия  жана спорт » кафедрасы  түзүлгөн. Кафедра  башчысы болуп Тургунбаев Мойдун, Узакбаев  Ибрагим ,Жалалов Турдаалы,  Молдоматов Абибилла иштешкен.

2002- жылдын  4- мартында өткөрүлгөн окумуштуулар кенешинин  №3 токтомунун  чечими  менен   буйрук   №07.02.28.   параграф  18, 2002-жыл  12- март Дене  маданиятынын  усулдук  негиздеги  кафедра  түзүлгөн.  Кафедра  башчысы болуп  Изамаматов  Акматаали  бекитилген.

2003-жылдын 1-декабрына  чейин  кафедраны Мамытов Кубанычбек Аипович  жетектеген 2006-жылдын  февралынан  тартып  кафедра башчысы болуп  Жумабаев  Мурзаш Жумабаевич  жетектеген.

2006-жылдын  апрелинен  тартып   2009-жылдын 29-августуна чйин  Капаров  Абдувахап  Шардаевич  жетектеген. 2009-жылдын  

29-августунда  ОГПИнин  кезектеги  № 16 окумуштуулар  кенешинде  каралып, дене  тарбия   бөлүмүнө  караштуу  «Дене  тарбия  жана спорт»  кафедрасы  менен «Дене  маданиятынын  назарияттык   жана   усулдук   негиздери»  кафедрасы биригип  бир   «Дене  тарбия  жана спорт » кафедрасы  түзүлдү.

Кафедра  башчылыгына  Жумабаев Мурзаш  дайындалды.  2009-жылдын сентябрь

Айынан 2010-жылдын февраль айына чейин  кафедра башчысы болуп Азимжанов Нурлан Теленбаевич жетектеди.

2010-жылдын  26- февралынан  2014-жылдын  июнуна  чейин  кафедра башчысы  болуп   Капаров  Абдувахап   Шардаевич   жетектеген,

2014-жылдын  4-июнунан  баштап   Кудайкулов  Капарбек  Пирматович «Дене  тарбия   жана спорт»  кафедрасын  жетектеген.

        2016-жылдын  12-апрелинде  өткөрүлгөн  окумуштуулар  кенешинде

буйрук  № 07-01.68  параграф 1, « Дене  тария  жана  спорт»  кафедрасына,

Мамажанов  Е.Н   кафедра  башчы   болуп   дайындалган.

      2016 – жылдын  14- сентябрындагы  өткөрүлгөн  окумуштуулар  кенешинин  №1  токтомунун   чечими   менен   буйрук  № 07-01.06  параграф 1, Институттагы  стуруктуралык өзгөрүүлөр  жөнүндө деген маселени  негизинде   төмөндөгүдөй   өзгөрүүлөр   киргизилген.

Дене  тарбия  бөлүмүндөгү  студенттердин  саны  көбөйгөнүнө  байланыштуу,  аталган   бөлүмгө  «Факультет»  статусу   берилген,  «Дене тарбия»  факультети   деп  аталган.

Дене  тарбия  бөлүмүндөгү  «Дене  тарбия  жана  спорт» кафедрасы  экиге  бөлүнүп  төмөндөгүдөй  аталган.

 

  1. «Дене тарбия  жана  спорт»  кафедрасы  (факультеттер аралык  кафедра)
  2. «Дене маданиятынын   назарияты   жана   усулдук негиздери»  кафедрасы.  (бүтүрүүчү  кафедра).

Азыркы  убакта   дене  тарбия  жана  спорт  кафедрасында  штаттык

негизде  7-окутуучу, 1-лаборант  эмгектенүүдө. 2021-жылдын  апрель  айынан 2022-жылдын май  айына  чейин  кафедраны А. Капаров  жетектеп,  кайра  эле  ушул  жылдын  7-июнунан  баштап  кафедраны  К.П Кудайкулов   жетектеп  келүүдө.

 

Жогорку  окуу  жайлар   арасындагы   студенттердин  универсиадасы спорттун  ар  түрү  боюнча  өткөрүлүп,  ОШМПУнун курама  командалары ийгиликтерге   жетишип  келишет.  Спорт  клубду  Осмоналиев Данияр  жетектеп   келет. ОШМПУда   жана түштүк  регионунда өтүлүүчү  спорттук  ар  кандай    мелдештерди, кафедранын  окутуучулары  түздөн – түз  уюштуруп  же  катышып   келе   жаткандыгы   өзгөчө   белгилөөгө   арзыйт. Дене  тарбия   адистигинин  студенттери  спорт  жаатында  мактоого  арзып ийгиликтерди  жаратып  келишүүдө.  Кафедрада  студенттерди дени  сак сергек  жашоого тарбиялоо максатында спорттук ийримдер менен иш  алып барат.  Алсак,  Волейбол  (балдар)  боюнча Осмоналиев  Д,  Волейбол  (кыздар)  Орозматов  М,  Женил  атлетика  боюнча  Капаров  А,  Каратаев  У, Тогузкоргоол, Ордо  Эрбатыров  Б,  Күрөш, Самбо  боюнча  Маткеримов  Н,   Эркин  күрөшбоюнча  Кадымаев  Ж,  Шахмат  боюнча  Мамажанов  Ж,  Футбол  боюнча  Турдукулов  А,  Баскетбол  боюнча          Касымалы  у  Б, Ордо боюнча  Кудайкулов  К, Бокс  боюнч  Акматов  А   ОШМПУнун    курама   командаларын   жетектешет.

 

Дене тарбия  жана  спорт  кафедрасынын жетишкен ийгиликтери.

                                   

ЖОЖдор  аралык  Универсиада 2022  жыйынтыгы.

  • Волейбол (балдар) – 1- лигада 2орун
  • Волейбол (кыздар) – жогорку лигада
  • Тогуз коргоол (балдар)- жогорку лигада
  • Тогуз коргоол (кыздар) – жогорку лигада -1 орун
  • Шахмат (балдар) – 1 лигада
  • Шахмат (кыздар) – 1 лигада
  • Самбо – 3орун
  • Ордо – жогорку лигада - 4 орун
  • Эркин курөш – 1 лигада
  • Кыргыз  күрөш – 1 лигада
  • Жеңил атлетика (балдар) – 1 лига
  • Жеңил атлетика (балдар) - 1 лига
  • Бокс- 1 лигада
  • Футбол – 1 лигада

      2021-жылы  Казакстан  Республикасында өткөн  тогуз  коргоол  боюнча  V Азия  чемпионатында   ОшМПУнун  студент  кыздары  Эсеналиева  Гүлзат, Бакытбек  кызы  Мадина күмүш жана  коло медалдарды алып, окуу  жайыбыздын  намысын  коргоп  келишти.

    2021-2022- жылдын  Кыргыз  Республикасында  клубдар  аралык  волейбол  боюнча  чемпионатында  окуу  жайыбыздын  Дене  тарбия  факультетинин  студенттери  Калдарбек  уулу  Самат  менен   Таштанбек уулу  Байыш  2-жыл  катары  менен  Кыргыз  Республикасынын   волейбол  боюнча  чемпиондугун  багындырышты.

 

Дене  тарбия  факультетинин   окутуучулары.

Дене  тарбия  жана  спорт  кафедрасынын башчысы,  Дене  тарбия  жана спорттун  отличниги, билим берүүнүн мыктысы, магистр  Кудайкулов  Капарбек  Пирматович.

Дене  тарбия  жана  спорт  кафедрасынын билим берүүнүн мыктысы, ага  окутуучусу  Жалалова  Орозгүл   Тиленчиевна.

Дене  тарбия  жана  спорт  кафедрасынын  билим берүүнүн мыктысы,   окутуучусу  Гедейбаев  Жакыпжан  Абдымаликович.

Дене  тарбия  жана  спорт  кафедрасынын Дене  тарбия  жана спорттун  отличниги, билим берүүнүн мыктысы,  ага  окутуучусу, магистр  Капаров  Абдувахап   Шардаевич.

Дене  тарбия  жана  спорт  кафедрасынын   окутуучусу, магистр, спорттун  чеберине  талапкер   Мамажанов  Екубжон  Нажимидинович. 

Дене  тарбия  жана  спорт  кафедрасынын окутуучусу, спорттун  чеберине  талапкер  Кадымаев  Жолдош  Исмаилович.

Дене  тарбия  жана  спорт  кафедрасынын окутуучусу, спорттун чебери  Маткеримов  Нурбек  Абдыкадырович.

Дене  тарбия  жана  спорт  кафедрасынын окутуучусу  Шералиев Бактилек  Жолчуевич.

Дене  тарбия  жана  спорт  кафедрасынын окутуучусу, спорттун  чебери  Эсенбек  уулу  Байаман.

Дене  тарбия  жана  спорт  кафедрасынын  усулчусу  Абдыманап  кызы  Тазагүл.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro