ОшМПУда КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КЫШКЫ СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КЫШКЫ СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ
25 январь 2023
290

ОшМПУда КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КЫШКЫ СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

ОшМПУда КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КЫШКЫ СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде факультеттер аралык окутуучулар ортосунда спартакиада старт алды.
Иш чараны алгач университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып берип, жамаатты ден соолукту чыңдоо үчүн талбай аракет жасап, спорт менен ар дайым алек болууга чакырып, оюндун жүрүшүнө ийгилик каалап өттү.
Мелдештин биринчи күнү окутуучу эжекелердин волейбол мелдеши менен башталды. Командалар алгач чучук-улак тандашып, андан соң оюнга киришишти.
Жобого ылайык спартакиада 11-январдан 17-январга чейин уланып, жүрүшүндө шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол оюндары өткөрүлөт.
Белгилей кетсек мелдеш окутуучуларды сергек жашоо образына багыттоо, кызматкерлер арасында ынтымакты бекемдөө максатында окуу жайдын жетекчилиги жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулууда.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro