Эне тилим – менин дилим аттуу тарбиялык кече
Бүгүн 25-сентябрь 2023-жылы "Эне тилим – менин дилим"аттуу тарбиялык кечебиз болуп өттү.
Ар улут ɵз эне тилин урматтап, ɵз тилинде сʏйлɵɵсʏ абзел. Эне тилибиз – улуттун уңгусу, кɵɵнɵрбɵс мурасы, олжосу, байлыгы. Учурунда Чыңгыз Айтматов таамай айткан: “Эне тилибиз – улуттун портрети”. Тил бизди кантип жолдо калтырсын, тилди чансак, эне тилдин анты урсун. Кыл учунда турган кезде, кыраандар да чегинбестен тил деп ɵлгɵн. Анын сыңарындай, эне тилибиз улуу тил экени баарыбызга маалым. Ушул эне тилибиз аркылуу дʏйнɵ элине белгилʏʏ болгон “Манас” эпосу жазылган. Азыркы учурда да эне тилибиз боюнча бир канча иш чаралар ɵткɵрʏлʏп келе жатат.
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ эне тилибизде сʏйлɵгɵн жарандар аз. Эне тилибиз жɵнʏндɵ дагы кɵптɵгɵн иш чаралар ɵткɵрʏлʏп, конференциялар болсо, эне тилибизде сʏйлɵгɵн жарандар кɵбɵймɵк беле, ким билсин? Чет тилдерин ʏйрɵнʏʏ менен кыргыз тилин да унутта калтырбай, ɵз тилибизде сʏйлɵп туралы.
Эне тилибиз – биздин дилибиз экенин унутпайлы. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар дегендей эне тилибиздин ɵнʏгʏʏсʏнɵ ɵз салымыбызды кошуп, тилибизди дʏйнɵгɵ тааныталы.
Бүгүнкү иш-чарага ОшМПУнун колледжинин Ан22-Ан23-тайпалары активдүү катышты.