Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
25 январь 2024
255

Ата энелер менен жолугушуу

Дүйнөлүк тилдер кафедрасынын  жалпы жамааты аталган адистикте билим алган студенттердин ата-энелери менен 2023-жылдын 26-октябрда жолугушуу кечесин өткөрдү. Жолугушууга окуу жайдын башчысы Кырбашев.Т.К , бөлүм башчы, кураторлор жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү катышты. Жолугушуу ар жылы салт катары уюшулуп келет, ата-энелер менен тыгыз иш алып барып, жогорку билим берүүнүнүн сапатын жогорулатуу боюнча пикир алмашуулар болуп келет. Бул иш чарада ата-энелер менен таанышуу жана бөлүм жөнүндө маалымат берүү, бөлүм (кураторлор) менен байланышын бекемдөө жана маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу маселелери, ата-энелер менен иш алып баруунун жылдык планы менен тааныштыруу, ошондой эле ата-энелер  комитетин  шайлоо жана ар түрдүү маселелер каралды.   

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro