ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ЖУМАЛЫКТЫ УЛАЙ
ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ЖУМАЛЫКТЫ УЛАЙ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Колледжинде дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан жаарыяланган “Ар бир элдин тили-бүткүл адамзаттын мүлкү” аттуу жумалык уланууда.
Ага ылайык студенттер сахналык көрүнүштөрдү аткарышып, орус тилдүү жомок, тамсилдерди чагылдырышты. Ал эми жумалыктын кийинки күнү “Miss English speaking coutries” аталышында кыздар ортосунда мелдеш өткөрүлдү. Мында катышуучулар чет өлкөлөрдүн каада-салтын, маданиятын, улуттук ыр-бийлерин аткарышып, таланттарын көрсөтүштү.
Мындан сырткары American Corner менен биргеликте китеп көргөзмөсү уюштурулуп, студенттер бир канча эл аралык Fulbrigh, Techgirls Flex программалары менен таанышышты. Ошондой эле чет өлкөдөн келген волонтёрлор менен да жолугушуулар болуп, тайпаларда ачык тарбиялык сааттар өткөрүлдү.