Келечек үчүн билим берүү”долбоору » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Келечек үчүн билим берүү”долбоору
6 февраль 2024
48

Келечек үчүн билим берүү”долбоору

Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги тарабынан сунушталган, ”Келечек үчүн билим берүү”долбоорунун алкагында пилоттук мектеп мугалимдери үчүн "Санариптик сабаттуулук" программанын негизинде кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча тренингден биздин кафедранын мугалими Заирова Нуркыз Улукбековна ийгиликтүү өтүп, Ноокат районуна караштуу мектептерге бөлүнүп,”Санариптик сабаттуулук” программасы боюнча тренинг өтүп келүүдө.

Мында санариптик материалдарды колдонуу аркылуу окутуу процессин жакшыртуу каралган. 1200 мектептеги 36 миң мугалимдин санариптик сабаттуулугу жогорулатылат. Ал үчүн тренер жана устат-машыктыруучулар конкурс аркылуу тандалып, даярдыктан өтүшөт. Тренингдер 2022-жылы башталып, эки жылга чейин созулат.

Мындан сырткары долбоор Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту үчүн ИТ-платформасын (бул мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн санариптик контент түзүүгө көмөктөшөт) жана 8 педагогикалык колледжде ИТ-класстарын түзөт (бул санариптик жактан сабаттуу педагогдорду эффективдүү даярдоого шарт түзөт).

Долбоор математика, химия, биология, физика предметтери боюнча санариптик контентти иштеп чыгууга, которууга жана адаптациялоого жардам берет. Жогоруда аталган предметтер боюнча учурда кандай санариптик контент бар экени такталып, кайсынысын которуу же адаптациялоо, кайсынысын жаңыдан түзүү керектиги аныкталат. Андан кийин жогорудагы жумуштарды аткаруу үчүн каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүлүп, даярдалган санариптик материалдар бардык мектептер үчүн жеткиликтүү болот.

Акырында чакан изилдөө жүргүзүлөт. Ал сунушталган IT платформа менен санариптик контент мугалимдер жетишсиз аймактардагы педагогдорго коюлган талаптардын таасирин баалоого мүмкүндүк берет.  

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro