“ Дуйнолук тилдер”кафедрасында акысыз англис тили кружогу
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде “ Дуйнолук тилдер”кафедрасында акысыз англис тили кружогу ачылган, кружокко Ош МПУ нун коллежинде окууган баардык студенттер катыша алат. Бул кружок эки жылдан бери колледжде окутулуп келет. “Англис тили ааламга жол ачат “дегендей эле.Бүгүнкү күндө англис тили дипломатиянын, соода байланыштарынын жана бизнес мамилелеринин тили.
Дүйнөнүн 90 % ушул тил аркылуу эл аралык иштерди жүргүзүшөт. Дүйнөлүк финансылык фонддор жана биржалар англис тили аркылуу баарлашышат.Англис тили – испан, араб, француз, орус, кытай тилдеринин катары менен Бириккен Улуттар Уюмунун официалдуу тили болуп саналат.
Баардык заманбап билим берүү мекемелери, дүйнөдөгү престиждуу жогорку окуу жайларында сабактар англис тилинде өтүлөт. Илимий докладдар, макалалар англис тилинде интернет булактарына чыгарылат. Ошондуктан азыркы учурда англис тил курсуна окуйм деген студенттердин саны арбын .Учурда биздин колледжде 1 группа окуп жатат группада 26 студент .Сабакты дуйнолук тилдер кафедрасынын англис тили окутуучу Акматбек уулу Алманбет отот
Кружок негизинен шаршемби жанан жума кундору саат 1:30 дан 2:30 чейин болот
Дүйнөдөгү эң популярдуу жана дүйнөлүк тил болгон англис тилин үйрөнүүгө кош келинездер!