"Экономика жана социалдык иштер" кафедрасы тарабынан уюштурулган Ата-энелер чогулушу болуп өттү » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » "Экономика жана социалдык иштер" кафедрасы тарабынан уюштурулган Ата-энелер чогулушу болуп өттү
11 февраль 2024
220

"Экономика жана социалдык иштер" кафедрасы тарабынан уюштурулган Ата-энелер чогулушу болуп өттү

15-ноябрь күнү "Экономика жана социалдык иштер" кафедрасы тарабынан уюштурулган Ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушка финансы жана социалдык иштер адистигинде окуган студенттердин ата-энелери, кафедранын мугалимдери катышты. Саат 9:30да катоо башталып, саат 10:00дө чогулуш башталды. Алгач ата-энелерге жагымдуу маанай тартууланды. Кафедра башчы тарабынан адистиктер боюнча жалпы маалымат берилип, суроолоруна жооп берди. Студенттерге окуудагы жетишкендиктери, үлгүлүү жүрүм туруму жана коомдук иштерге мыкты катышкандыктары үчүн 3-курстун студенттери ардак грамота менен сыйланышты, жана мыкты тарбия берип окуудагы жетишкендиктери үчүн студенттерибиздин ата энелерине да ыраазычылык барактар ыйгарылды. Чогулушубуздун максаты: ата-энелерибизге балдары тууларуу маалымат берүү, окуудагы жетишкендиктерин кемчилдиктерин чогуу талкулоо жана 1-курстун студенттеринин ата-энелерин окуу жай менен тааныштыруу болду.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

  • WWW.NET.KG
Разработка сайта - uDesign.pro