Иш беруучулөр менен жолугушуу
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин " Экономика жана социалдык иштер кафедрасында" 2023-жылдын 26-декабрында иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулду. Иш чарага Ош шаардык социалдык фонд башкармалыгынын орун басары Орунбаев Н.К., ОАО "Айыл банк" кредиттик бөлүмүнүн башчысы Токтосунова Н.Н., Ош шаардык кыймыл таянычы чектелген балдар реаблитациялоо борборунун башчысы Миңдибаева Ж. жана башкалар катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө Ош МПУнун миссиясы менен тааныштыруу, даярдалып жаткан финансы жана социалдык иштер адистигинин окуу планындагы окутула турган предметтердин зарылчылыктары бар-жок экендиги талкууга коюлду. Иш чаранын максаты, иш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта болуу, бүтүп кеткен студенттерди иш менен камсыз болгондугу тууралуу маалымат алуу жана байланышта болуу.