Иш чаралар » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
3 ноябрь 2022
664

Иш чаралар

       2021-2022 окуу жылына карата  04. 04. -09. 04. 2022  күндөрү кафедранын жумалыгы болуп өттү “The WEAK LINK”  конкурсу уюштурулду. Конкурс үч турдан туруп, 1-тур Америка, Англия жана Кыргызстан боюнча суроолор, 2-тур англис тилиндеги туура эмес этиштерди 3 формада берүү, 3-тур KAHOOTтан  суроолор түзүлдү. Жыйынтыгында 3-орунду Табият таануу жана география факультетинин Б-21б тайпасынын студенти Таалайбек кызы Асел, 2-орунду  Педагогикалык факультетинин Пд-21б Базарбай кызы Мырзайым , 1-орунду КРФнын Кт-21б тайпасынын студенти Канатбекова Уркия ээ болушту. Орундуктарга ээ болгон студенттерге деканат жана кафедра тарабынан дипломдор жана кызыктыруучу белектер берилди.

                       

                      

 

                            

                           

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 10-.01.22 Nancy Tesoy Сема Эл аралык Кэмбридж мектебинин түштүк региону боюнча координатору “Planning and Management”деген темада 72 сааттык окуу усулдук семинар факультеттер аралык англис тили кафедра тарабынан уюштурулду. Аталган семинарга Ош ТУ, Ош КӨЭУ жана Ош МПУнун АОУ кафедрасынын англис тили окутуучулары катышышты, жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.

 

 

 

 

      

      

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

8.04. 2022. Күнү график боюнча студенттер үчүн илимий иштерди жазуунун этаптары жана жолдору атту илимий иш чара  уюштурулду.Иш чарага конок катары Ош МПУнун аспирантура жана магистратура бөлүмүнүн жетекчиси ф.и.к. Сагынбай кызы Нурийла эжеке чакырылып, студенттерге кеңири маалымат берди.

 

       

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  5-апрель күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин англис тили адистигинин студенттери үчүн чет өлкөгө чыгуунун эрежелери жана талаптары боюнча маалыматтык иш чара өткөрүлдү. Америка боюнча Эрали Төрөгелдиев, Япония тууралуу Жийдегүл Мамашева студенттерге керектүү эрежелер менен тааныштырып, суроолорго жооп беришти. Кененирээк АКШ, Германия жана Япония жөнүндө маалыматтар, тил үйрөнүү аны жайылтуу жана чет өлкөдө окууга кеңештер берилди.Ошондой эле катышуучулар аталган өлкөлөрдө билим алуу программалары боюнча да таанышышты. 

   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   18-май Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин күнүнө карата факультеттер аралык 1-курстар ортосунда волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган оюн Гуманитардык факультетинин факультеттер аралык англис тили кафедрасы тарабынан уюштурулуп, мында студенттер жогорку маанайда, дилгирлик менен оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында 3-орунду Музыкалык-педагогикалык факультети, 2-орунду Кыргыз-Россия факультети камсыздаса, ал эми 1-орунду Дене тарбия факультети багындырды. Бул менен бирге “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу” жана “Мыкты байланыштыруучу” номинацияларынын ээлери  тандалып, жалпы жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер тапшырылды.   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2022-жылдын 20-май күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Китеп жана илимий-техникалык Кербен” аталышында көргөзмө болуп өттү. Иш чара Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепкана тарабынан демилгеленип, аталган окуу жайдын факультеттер аралык англис тили кафедрасы менен биргеликте уюштурулду.Кербен Кыргызстандын коомчулугуна, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттерине жана чет өлкөдө билим алууга кызыккан жаштарга чет тилдерин үйрөтүү, чет өлкөдөгү окуу жайлар боюнча маалымат берүү максатында Кыргызстандагы Америка Элчилиги менен биргелешкен долбоордун алкагында ишке ашты.Иш чарага облустук китепкананын Америка бурчунун өкүлдөрү, университеттин окутуучулары жана студенттер катышышты.

  

 

 

 

                                               

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro