Англис тили адистигинин бүтүрүүчүлөрү адабият ааламында » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Англис тили адистигинин бүтүрүүчүлөрү адабият ааламында
25 май 2025
1

Англис тили адистигинин бүтүрүүчүлөрү адабият ааламында

Англис тили адистигинин бүтүрүүчүлөрү адабият ааламында
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде англис тили адистигинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан адабий кече уюштурулду.
Иш-чара “Адабияттын сыйкыры: классикадан азыркы заманга” аталышында болуп, мында англис тили адистигинин Ан-21б1 жана Ан-21к1 тайпаларынын студенттери, ошондой эле колледждин бүтүрүүчүлөрү өз таланттарын тартуулашты. Кечеде студенттер белгилүү чыгармалардан үзүндүлөрдү көркөм окуп, ар кандай каармандардын образдарын жандуу жана таасирдүү чагылдыруу менен көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.
Мындан сырткары, колледждин студенттери үчүн атайын суроолор даярдалып, туура жооп бергендерге факультет тарабынан кызыктыруучу белектер тапшырылды. Бул адабий саамалык студенттердин чыгармачылык жөндөмүн ачып гана тим болбостон, алардын адабиятка болгон сүйүүсүн арттырган маанилүү кадамдардан болду.
Аталган кече көрүүчүлөрдү көркөм сөздүн күчү менен тааныштырып, классикалык жана заманбап адабияттын терең дүйнөсүнө жетелөө максатын көздөйт.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro