Информатика жана математика кафедрасы
Кафедранын түзүлүшү жөнүндө маалымат
2002 - жылы педагогикалык колледж Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин структуралык бөлүмү болуп ачылган. Педагогикалык колледжде
Математика, физика жана информатика секциясы уюштурулуп, секцияны Абдывасиева З. жетектеген.
2003 – 2004-жылдары секцияны Тургунбаева М. жетектеген.
2004 - жылы 30 - августта педагогикалык багыттагы адистиктен башка да адистиктер кабыл алынгандыктан, ректордун №110 буйругу менен педагогикалык колледж колледж болуп өзгөртүлгөн.
2004-2006- окуу жылдары секцияны Мамарасулова А. жетектеген.
2006-жылдын сентябрь айынан баштап Табият таануу, Математика, физика жана информатика секциялары биригип, Табигый илимдер секциясы деп аталып, секция жетекчилигине К.У. Нурмаматова дайындалган.
2015- жылдын 1-сентябрынан ректордун буйругунун негизинде Табигый илимдер секциясы, Табигый илимдер кафедрасы деп аталган.
2016-жылдын 15- сентябрынан ректордун № 07-01.06 §3 буйругунун негизинде Табигый илимдер кафедрасынан , Компьютердик системалар жана комплекстер адистигине тиешелүү предметтер, математика, информатика, физика предметтери бөлүнүп алынып, Информатика жана математика кафедрасы түзүлүп, кафедра башчысы болуп Н.А. Сооронбаева дайындалган.
Кафедрада жалпы 29 окутуучу, анын ичинен: (жыйырма жети штаттык окутуучулар , экөө көмөкчүлөр) он беши математиктер, бешөөсү физик, сегизи информатиктер, 1 лаборант.
Кафедрада педагогика илимдеринин кандидаты, доцент – Оморов. Ш.Д. эмгектенишет.
Ошондой эле, 3 Эл агартуунун мыктысы - Миңбаева А. жана Мамарасулова А., Сооронбаева Н., 8 магистр - Сооронбаева Н., Бөрүбаева К., Калыева Н., Жумашева Л., Аркалыкова Э., Тажикова М., Маматбек уулу К., Жакыпова Р., 2 аспирант – Авазова Ч., Надырбекова Г. эмгектенишүүдө.
Кафедранын паспорту;
Жалдык иш план;
Кенешменин иш планы;
Кафедрага тиешелүү НБП;
Окуу планы;
Стратегиялык план;