1- курстун студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду. » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » 1- курстун студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду.
11 декабрь 2023
191

1- курстун студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду.

25-ноябрь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинин Информатика жана математика кафедрасы тарабынан Компьютердик системалар жана комплекстер(тармактар боюнча), Колдонмо информатика адистигинде окуган 1- курстун студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду.

             Жолугушууну колледждин башчысы Т.К.Кырбашев ачып, ата-энелерге ыраазычылык билдирип, эң негизги максатыбыз сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүү экендигин белгилеп, аларды көмөк көрсөтүүгө, биргеликте иш алып барууга чакырды.

              Кафедра башчысы ата-энелерди окуу жайдын миссиясы менен тааныштырып, адистиктин НББПсынын максаттары, күтүлүүчү натыйжалар, алардын максаттарга дал келүүсү боюнча түшүнүк берди.

              Электрондук башкаруу бөлүмүнүн инженер-программисти Т. Исаков ABN МСнын мүмкүнчүлүктөрүн,  Aidoc электрондук документ айлантуу системасынын иштөөсүн көрсөтүп берди.

              "Бала бактысы ата-эне мээриминде, ата-эне бактысы баласынын ийгилигинде!" темасында доклад окулуп, студенттердин катышуусундагы чакан концерттик номерлер тартууланды.

               Ата-энелер суроолорду беришип, сунуш- пикирлерди айтышты. Иш-чара чай үстүндө баарлашуу менен аяктады. Ата-энелер ыраазычылыктарын билдирип, жолугушуулардын мезгил-мезгили менен уюштурулуп турушун колдой тургандыктарын билдиришти.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro