Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда информатика жана математика адистиктеринин 20 жылдыгы белгиленди
26 июнь 2025
17

ОшМПУда информатика жана математика адистиктеринин 20 жылдыгы белгиленди

ОшМПУда информатика жана математика адистиктеринин 20 жылдыгы белгиленди
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде информатика жана математика адистиктеринин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Окуу жайдын 100 жылдыгы менен катарлаш келген бул саамалыкка университеттин ректору Бекмурза Зулуев, факультет деканы Венера Исакова, кафедра башчылары, ардагер мугалимдер, жана атайын чакырылган коноктор катышты. Катарда бүгүнкү күндө мектеп жетекчиси болуп иштеп жаткан факультеттин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү да болду.
Мында ардагерлерден баштап, бүгүнкү күндө мугалимдикти аркалап жаткан жаш адистерге чейин сөз сүйлөп, адистиктердин калыптаныш тарыхы жана жетишкендиктери тууралуу ойлор айтылды. Ошондой эле, факультет жана университет тууралуу видеопрезентациялар көрсөтүлдү.
Ал эми илимий-практикалык секцияда бүтүрүүчүлөр заманбап билим берүүдөгү информатика жана математика адистигинин ролу тууралуу баяндама жасап, жаңы технологиялар менен тааныштырды. Робототехника жана жасалма интеллект жаатында факультеттин окутуучусу Айсырга Ырысбаева, онлайн платформалар боюнча Айнура Орозбаевалар өз тажрыйбаларын бөлүшүштү. Ошондой эле бүтүрүүчү Аселкан Эргешбай кызы “Заманбап билим берүүдө математика жана информатика адистиктеринин орду” темасында слайд-презентация сунуштады.
Иш-чара математика жана информатика адистиктеринин өнүгүү тарыхын даңазалап, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдеген маанилүү аянтча болду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro