Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасы » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасы
17 ноябрь 2022
539

Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасы

Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасы 

 

  Ош жогорку колледжинин Гуманитардык факультетинин базасында 1999 – жылдын 3 – февралында ректордун № 20 буйругунун негизинде “Информатика жана эсептөө техникасы” кафедрасы түзүлгөн. Кафедрада алгач кафедра башчы болуп Турдубаева Кандалатхан Ташполотовна дайындалган. Бул факультетте Экономикадагы маалыматтар системасы деген адистик ачылган.

  Менеджмент факультетинде 1999 - жылы Билим берүүнүн менеджменти адистиги ачылган. Бул адистикке кошумча информатика адистигин берүү максатында окуу планына информатика адистигинин предметтери киргизилген.  1999 – жылдын 18 – мартындагы №100 буйруктун негизинде “Информатика жана эсептөө техникасы” кафедрасын Менеджмент факультетине өткөрүү боюнча буйрук чыгарылды.

2003 – 2004 – окуу жылынын 24 – сентябрынан баштап кафедра башчылыкка т. и. к., доцент Аттокуров Урмат Төлөгөнович дайындалган.

   2005 – 2006 окуу жылында  п.и.к., доцент Назаров М. М. кафедраны жетектеп, илимий усулдук жактан, кафедранын окутуучуларына жакындан жардам  берди.

2006 жылдын 1-апрелинен Информатика жана эсептөө техникасы  кафедрасына башчы болуп, Турдубаева  К.Т. дайындалган.

   2006 – жылы 11 – февралында №07 – 02.17 буйруктун негизинде кафедранын ишин күчөтүү максатында кафедра жөнүндөгү жобого ылайык “Жогорку математика” жана “Информатика жана эсептөө техникасы” кафедралары бириктирилип “Жогорку математика жана информатика” кафедрасы деп аталып,  кафедра башчысы болуп Мадраимов С. М. дайындалган.

   2007 – жылы 16 – январында №07 – 02.2 буйруктун  негизинде,  2006 – жылы 22 – декабрда ОГПИнин окумуштуулар кеңешинин №2 протоколунун негизинде Табият таануу жана математика факультетинин “Жогорку математика жана информатика” кафедрасы 2 кафедрага бөлүнгөн.

 -Жогорку математика жана математиканы окутуунун усулу кафедрасы;

 - Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасы.

“Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы” кафедрасына башчы болуп Турдубаева К. Т.  дайындалган.

2005-жылы Информатика адистиги ачылып, күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө абитуриенттер кабыл алынган.

2019- жылдын 29- октябрында №07-01.12 буйругунун негизинде, 2019-жылдын 26-октябрынан тартып Математика жана компьютердик технология факультетинин деканы болуп Турдубаева К.Т. дайындалган.

Ошол эле жылы Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедра башчысынын милдетин аткаруучу кызмат ордуна ага окутуучу Бердибекова К.Т. дайындалды.

Кафедрада  физика-математикалык билим берүү багыты профиль Информатика, Колдонмо математика жана информатика, ОКББ Колдонмо информатика  адистиктери үчүн бүтүрүүчү кафедра болуп, перспективдүү өнүгүүгө багыт алган.

2020-2021 – окуу жылында кээ бир адистиктер жоюлгандыгына байланыштуу физика-математикалык билим берүү багытында Информатика адистиги калды.

 2021-2022- окуу жылында кафедра эки штатка бөлүнүп,  Арынбаев Эралы Калиловичтин башчылыгынан техник- операторлор жана инженер программисттер  өзүнчө  штат болуп бөлүнүп чыкты.

  1. Кафедранын миссиясы, максаттары жана милдеттери
  • Мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын арттырууга жана өлкөдөгү адам ресурсун өнүктүрүүгө салым кошуу;
  • Окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, билимдин сапатын жакшыртып, улуттук артыкчылыктарды өнүктүрүү менен атаандаштыкка туруштук берүүчү татыктуу адистерди даярдоо;
  • Университеттик илимдин мыкты салттарын сактоо аркылуу дүйнөлүк алдынкы университеттер, илимий мекемелер менен тыгыз кызматташып, гуманитардык, табигый, фундаменталдык, прикладдык илимдердеги изилдөөлөрдүн натыйжалуулугуна жетишүү жана илимге таянып, коомдун, өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу;
  • Жаштарды патриоттуулукка, гуманизимге, адамзаттык баалуулуктарды урматтоого, улуттар арасындагы достукка тарбиялоо.
  • Факультеттеги 550200«Физика-математикалык билим берүү» багытында (профили  «Информатика») жана  510200 “Колдонмо математика жана информатика”, ОКББ 230701 «Колдонмо информатика» программасы боюнча лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды алып баруу жана жогорку квалификациялуу бакалаврларды жана орто кесиптик адистерди даярдоо;
  • Окутуунун жаңы, заманбап жана инновациялык технологияларын окутууда пайдаланууну өркүндөтүү;
  • Тармактык компьютердик технологияны өркүндөтүү;
  • Компьютердик лабораторияларды регулярдуу түрдө заманбап программалык каражаттар менен камсыз кылуу;
  • Студенттерде кафедрадагы окутулуучу дисциплиналар боюнча билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү жана компетенцияларды калыптандыруу;
  • Студенттерди окутууда алган билимдерин жана көндүмдөрүн тиешелүү адис катарында колдоно билүүгө көнүктүрүү;
  • Окутууну өндүрүш менен тыгыз байланышта алып баруу жана заманбап информациялык технологияларды терең үйрөнүүгө өбөлгө түзүү;
  • Кафедранын ишин жогорку сапаттык деңгэээлде уюштуруу;
  • Лекциялык, практикалык, лабораториялык сабактарды окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу менен жогорку илимий–усулдук деңгээлде алып баруу;
  • Кафедранын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык сабактардын электрондук варианттарын, электрондук окуу китептерин жана колдонмолорун даярдоону өркүндөтүү;
  • Кафедранын илимий-методикалык иштерин уюштуруу;
  • Окутуучулар, студенттер үчүн методикалык окуу–колдонмолорду жарыкка чыгарууну өркүндөтүү;
  • Кафедранын багыттары боюнча илимий–изилдөө иштерин аткаруу;
  • Кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу;
  • Окуп-үйрөнүү, өндүрүштүк, квалификациялык жана квалификация алдындагы практикаларды сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү;
  • Студенттер үчүн маданий–тарбиялык иш–чараларды жүргүзүү

   

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro