19 сентябрь 2023
411
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН КЕЗЕКТЕГИ ИШ ЧАРА
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН КЕЗЕКТЕГИ ИШ ЧАРА
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кыргыз тили технология заманында” аттуу интеллектуалдык сынак болуп өттү.
Иш чара технология менен тилди тең айкалыштыруу, тилибизди коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө колдонууга чакырык жасоо максатында уюштурулуп, ага ар бир факультеттен түзүлгөн 6 команда катышты. Мында катышуучулар заманбап технологиялык усулдарды пайдалануу менен контент даярдап, азыркы заманбап сөздөрдүн кыргыз тилинде аталыштарын айтып, быйтыкчалардын жардамында макал-лакаптарды таап жана лимерик жазуу менен күч сынашты.
Соңунда калыстар тобу командалардын упайларын санап, жеңүүчүлөрдү аныкташты. Жыйынтыгында 3-орунду кт-22 тайпасынын “Тилимпоз” командасы, 2-орунду ми-22 тайпасынын “Алгоритм” командасы ээледи. Ал эми 1-орунду т-22 тайпасынын “Кыргыз тилинин тарыхы” командасы багындырып, калган командаларга “Мыкты видео жаратуучу адис”, “Изденүүчү адис”, “Сынчыл ой жүгүртүүчү адис” номинациялары ыйгарылып, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.