КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫ
8 сентябрь 2022
882

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫ

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын тарыхы

         

Кафедранын тарыхы окуу жайыбыздын 85 жылдан ашуун тарыхый жолу менен тыгыз байланышта. Ар түрдүү себептерден улам жабылган окуу жайы 1976-жылы кайрадан уюштурулуп, бүгүнкү күнгө чейин билим берүү тармагына эң керектүү адистерди даярдап келүүдө.

Түштүк аймагына керектүү кеисп ээлерин даярдоо зарылдыгынан улам окуу жай 1996-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн №470 Указы менен Ош Жогорку колледжи борлуп түзүлүп, натыйжада, кыргыз тили жана адабияты негизги предмет болгондуктан, 1999-жылы 18-августтагы ОЖКнин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен кафедра болуп түзүлгөн.

1966-76-жылдары кыргыз тили жана орус тили мугалимдери бир секцияда эмгектенишип, секцияны С.И.Кравцева жетектеген. Ал кездеги мугалимдерибиз, эл агартуунун мыктылары К.Касымалиева, Э.Сыдыкова, Г.Акпаралиева, ф.и.к. Б.Эралиевалар азыр ардактуу эс алууда.

1976-жылдан баштап кыргыз тилчилер тобу өзүнчө секция болуп түзүлүп, 1987-жылга чейин К.Касымалиева, 1987-90-жылдары Н.Азылов, 1990-жылдан 2005-жылга чейин «Эл агартуунун отличниги», ага окутуучу Ш.Н.Мондошов , 2005-2006- окуу жылында ф.и.к. Г.Т.Жамгырчиева, 2006-2007- окуу жылында улук окутуучу Н.О.Турганбаев, 2007-2008-жылдары ф.и.к., доцент К.А.Исаков, 2008-2019-жылдар аралыгында улук окутуучу К.Б. Жаанбаева жетектеп келди. Ал эми 2019-2020-окуу жылынын ноябрь айында ОГПИнин Окумуштуулар кеңешинде конкурстук негизде кафедранын башчысы кызматына ф.и.к., доцент Ж.Т. Джумаева шайланды.

            Учурда кафедра КР  Билим берүү жана илим министрлиги  тарабынан бекитилген Жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты. 550000 педагогикалык багыт, 550300 филологиялык билим берүү  -  Академиялык даражасы: бакалавр. - Бишкек – 2015. Жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын  негизинде иш алып барат.       Кафедра 2012-2013-окуу жылынан тартып 550300- Филологиялык билим берүү багыты бакалавр академиялык даражасы  программасынын негизинде кыргыз тили жана адабияты боюнча кадрларды даярдайт.

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы өз ишмердүүлүгүндө  социалдык –экономикалык  жана илимий-техникалык прогресстин талабына ылайык  окутууну тынымсыз өркүндөтүү  жана кеңири профилдеги  адистерди даярдоону алдына максат кылып коет.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro