ОшМПУменен БГПУ кызматташуусу: студенттерге аралыктан конок-лекциялар өткөрүлдү » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУменен БГПУ кызматташуусу: студенттерге аралыктан конок-лекциялар өткөрүлдү
29 апрель 2025
6

ОшМПУменен БГПУ кызматташуусу: студенттерге аралыктан конок-лекциялар өткөрүлдү

ОшМПУменен БГПУ кызматташуусу: студенттерге аралыктан конок-лекциялар өткөрүлдү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулар жамааты Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттерине аралыктан конок-лекцияларды өтүштү.
Мында окуу жайдын Кыргыз-Россия факультетинин кыргыз тили жан адабияты кафедрасынын окутуучулар жамааты М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин Башкир филологиясы факультетинин түрк жана чыгыш филологиясы кафедрасынын студенттерине кыргыз тил илими жана кыргыз адабияты дисциплиналарынан аралыктан конок лекцияларды окушту.
Сабактар Башкыр филологиясы факультетинин кыргыз тили, адабияты жана орус тили, адабияты, кыргыз тили жана англис тили адистиктеринин сабактарынынын жадыбалына ылайык 21-28-апрель күндөрү онлайн форматта телекөпүрөнүн жардамында өтүлдү. Аталган адистиктердин окуу планына ылайык кыргыз тили, кыргыз тилинин практикалык фонетикасы предметинен ф.и.к., доцент Жаннат Джумаева, кыргыз адабияты, окутуунун жана тарбиялоонун методикасы предметтеринен ф.и.к., доцент Тинатин Оморова, улук окутуучу Гүлбурак Бакировалар, ал эми кыргыз тилинин оозеки жана жазма кебинин практикуму предметинен ф.и.к., доцент Айдың Токтосуновалар онлайн сабак өтүштү.
Натыйжада эки университеттин ортосунда мындан ары да студенттердин жана окутуучулардын ортосунда академиялык мобилдүүлүк жана педагогикалык тажрыйба алмашуу багытында алака түзүү, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашуулар жүргүзүлдү.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro