ИЛИМПОЗДУ ОЙЛОНДУРГАН ТААМАЙ СУРООЛОР...
ИЛИМПОЗДУ ОЙЛОНДУРГАН ТААМАЙ СУРООЛОР...
Бүгүнкүнүн Дүйшөнү, РhD доктор Дүйшөн Шаматов студенттердин сынагында...
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Студенттин сынагына сынбайсызбы?” аттуу шоу программадагы кече болуп өттү. Аталган программа Колледждин “Мамлекеттик тил” кафедрасы тарабынан салттуу түрдө үзгүлтүксүз өтүп келүүдө.
Бул жолку сынактын коногу белгилүү педагог, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов болуп, студенттердин бир топ таасындуу жана аларды кызыктырган суроолоруна бирде сынып, бирде сынбай так жооп бергенге аракет кылды.
Каармандын буга чейин дайым илим чөйрөсүндө, иш үстүндө гана жүргөнү маалым болсо, бүгүнкү кечеде Шаматовдун балалык кези, жаштык курагы, үй бүлөсү жана жеке сапаттары тууралуу кенен маектер болду. Жан дүйнөсү жөнөкөй болгон профессор студенттердин берген ар бир суроосу ойлондурган, кыйын жана таамай суроолор экенин белгилеп, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында профессор мыкты суроо берип, айрым учурда сынагына сындырган студенттерге өз белегин тапшырып, окууларына ийгилик каалады. Ал эми уюштуруу тобу программанын салтына айланган сумканы каарманга белекке тапшырып, илим жолунда дагы көптөгөн изилдөөлөрдү жасап, билим берүүгө салымын кошо беришине тилектеш болушту.