Математика жана менеджмент кафедрасы » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Математика жана менеджмент кафедрасы
16 ноябрь 2022
376

Математика жана менеджмент кафедрасы

 

 

                                                                 Тарых менен ташты  да  эзсең болот,

                                                              Тарых менен тагдырды да кезсең болот.

 

«Математика жана менеджмент» кафедрасынын тарыхы

 

«Жогорку  математика жана математиканы окутуунун усулу» кафедрасы 1997-жылы 27-августта «Фундаменталдык илимдер» кафедрасы деген ат менен түзүлгөн.

1997-2001-жылдары аталган кафедраны Адиева Канайым кафедра  башчысы болуп  дайындалат. Кафедрада  атайын билим берүү жана жогорку билим берүүдөгү  тиешелүү предметтер жогорку математика, МБКН, МОУ, физика, ТСО  жана КСЕ предметтери окутулган.

Андан кийин 2001-2002-жылдары кафедраны Аданбаев Мамарасул жетектеген. Окутуучулардан Абдывасиева Зырапа, Исакова Бурма, Султанова Назийпа, Алиева Жаркынай,  Уракова Курсанай, Каралаева Карамат, Кадыркулова Мунара  ж.б. эмгектенишкен.

Ал эми 2002-жылы педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Р. Х. Хашимов кафедра башчылыкка дайындалып, ал 2003-жылдын июнь айына  чейин жетектеген.         

2003-2004-жылдары  аталган кафедраны физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент М.Ш.Мамаюсупов жетектеген. Аз убакыт аралыгында Макамбай Шеранович  өзүнүн жетекчилик жолунда жаш окутуучуларга илимий  багыт берип илимий жаатта  чоң ийгиликтерге жетишкен. «Математика» адистиги ачылып, кафедра 2004 – жылы  «Мыкты кафедра» наминациясына ээ болгон.

2004-2005 жылдары   аталган кафедраны жетектөөгө кафедранын окутуучусу Абдывасиева Зырапа дайындалат.

Кайрадан 2006-жылы 11-февралда №07-02.17. буйруктун негизинде «Жогорку математика жана МОУ» жана «Информатика жана эсептөө техникасы» кафедралары биригип  «Жогорку математика жана информатика» кафедрасы деп аталып, ага жетекчи болуп педагогика илимдеринин кандидаты, доцент С.М.Мадраимов, бир аз убакыттан кийин кафедранын ага окутуучусу К.Т.Турдубаева   жетекчиликке дайындалат.

2007-жылы кафедраны кайрадан Абдывасиева Зырапа жетектей баштайт. Ошол  мезгилден тартып аталган  кафедрада алгылыктуу  иштер менен ийгиликтерге жетишишкен. Кафедранын мүчөлөрү менен бирдикте, «Математика» адистиги үчүн жаңы окуу пландарды, адистикке тиешелүү предметтерге болжолдуу типтүү программаларды, жумушчу программаларды иштеп чыкты. Бир нече окуу усулдук колдонмолор, илимий докладдарды басмадан чыгарышты. Ал гана эмес, 2010-жылы кафедранын ага окутуучусу Байышова Гүлай Жакышовна   13.00.01-жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча «Мектептердин башталгыч класстарынын сабактан тышкаркы иштеринде элдик салттар аркылуу экологиялык тарбиялоонун илимий негиздери» деген аталыштагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү  жактады.

 2012-жылы кафедранын жетекчиси, улук окутуучу З. Абдывасиева 13.00.02-окутуу менен тарбиялоонун теориясы жана методикасы (математика) адистиги менен «Гуманитардык адистигиндеги студенттерди кесипке даярдоодо математикалык билим берүүнүн педагогикалык негиздери»  деген аталыштагы  кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Ошондой эле  кафедранын окутуучулары ийгиликтүү эмгектенүү менен бирге бир нече 
усулдук колдонмолорду жана илимий макалары жарык көрүп келүүдө.

2017-2022 – жылдар аралыгында кафедраны п.и.к., профессор С. Мадраимов жетектеген жылдар аралыгында кафедрада ийгиликтүү иштер жасалып келүүдө. Атап айта турган болсок окуу процесстеринде бир канча студенттерибиз регионалдык олипиадаларда ийгиликтүү орундарга ээ болуу менен бирге студенттер илимий практикаларда өздөрүнүн билим деңгээли жогору экендигин көрсөтүп келишүүдө. “Жогорку математика жана матеатиканы окутуунун усулу” кафедарсы 2018- жылдан тартып “Математика жана менеджмент” деген аталышта каффедарынын аты өзөртүлгөн.

Ал эми кафедарынын окутуучуларынын илимиге болгон кызыгуусу артыруу менен илимий темалары бекитилип, темалары боюнча иштөөдө. Кафедранын улук окутуучусу Исакова Венера 2021 –жылдын 26- апрелде УИАда (13.00.02) “Болочок математика  мугалимдерин окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоого даярдоонун методикалык маселелери” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

 

2022 –жылдын 1- июнан тартып аталган кафедраны п.и.к. Исакова Венера жетектеп келүүдө.

Кафедра  университеттин  беш факультетинде математиканын ар кандай тармактарын окутуп тейлеп келе жатат. Кафедрада жалпысынан 11 профессордук –окутуучулук курам эмгектенет. Алардын ичинен  4  илимдин кандидаты,  1 кафедранын  доценти,  3 ага окутуучу жана 2 окутуучу 1 лаборант эмгектенишет.

Кафедранын мүчөлөрү:

  1. Мадраимов С.
  2. Байышова Г.Ж.
  3. Исакова В.Т.
  4. Маматова З.Б.
  5. Алиева Ж.А.
  6. Султанова Н.З.
  7. Иматали кызы А.
  8. Абдывасиева С.А.
  9. Маткеримова Т.Ы.
  10. Момунова Н.Д.
  11. Шайлдаева А.

 

                                            Кафедранын структурасы

Кафедра башчысы п.и.к. Исакова В.Т.

Кафедра башчысынын орун басары Маматова З.Б.

Илимий иштери боюнча орун басары Султанова Н.З.

Кафедранын алдында түзүлгөн “Жаш математик” кружогунун жетекчиси  Маткеримова Т.Ы.

Кафедранын окуу- усулдук иштеринин жетекчиси С. Мадраимов

Кафедранын практика боюнча жетекчиси Алиева Ж.А.

 

 “Математика жана менеджмент” кафедрасынын п.и.к., профессор С. Мадраимовдун 75 жылдыгына карата аймактык илимий конференция  өткөрүлдү. Иш чара “жаңы маалыматтык  технологиялар мезгилиндеги студенттик илимдин онүгүшү” аталышында болуп, ага Бишкек шаары, Баткен, Жалал – Абад жана Ош Обласындагы ЖОЖдордун  студенттери илимий жетекчилери менен  бирге катышты.

 

 
 

 

 

                  

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro