Математика жана менеджмент кафедрасы
Математика жана менеджмент кафедрасынын алдында уюштурулган иш-чаралары
2022- жылдын апрель айында кафедранын п.и.к., профессор С. Мадраимовдун 75 жылдыгына карата аймактык илимий конференция өткөрүлдү. Иш чара “Жаңы маалыматтык технологиялар мезгилиндеги студенттик илимдин өнүгүшү” аталышында болуп, ага Бишкек, Баткен, Жалал – Абад жана Ош обласындагы ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери илимий жетекчилери менен бирге катышты. Конференцияга жалпы 119 илимий макалар берилди. Конференцияга катышуучулар 5 секцияга бөлунүп, макалаларын коргошту. Пленардык жыйында баарыбыз күбө болгон баяндама өзгөчө жана мыкты болду деп Ми -18 тайпасынын студенти Балтагулова Айданын макаласы табылды. Мындан сырткары секциялык жыйындарга бөлүнгөн студенттердин баяндамалары корголуп, жыйынтык чыгарылып мыктылар сертифкаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. “Математика жана менеджмент” кафедрасынын ар бир окутуучусу өздөрүнүн илимий макалары менен катышышты.