Математика жана менеджмент кафедрасы » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Математика жана менеджмент кафедрасы
18 ноябрь 2022
498

Математика жана менеджмент кафедрасы

Математика жана менеджмент кафедрасынын алдында өткөрүлгөн иш-чаралар        

 2021-2022 –окуу жылында Математика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары Исакова Венера, Абдывасиева Салима эжекелер  өз билиминдерин өркүндөтүү максатында  15-майдан 30-майга чейин Казан федералдык  университетинин Елабуга иниститутунан “Управление качеством образования и инновационные  технологии  преподования, опыт КФУ и передовых Российских вузов”  аталыштагы  144 саатык көлөмдө окуп келишти. В. Исакова жана С. Абдывасиева эжекелер өз билимин өркүндөтүү менен бирге математика сабагын окутууда жаңы технологияларды  пайдалануу боюнча билимдерин калыптандырып келишти. Алган билимдеринин негизинде окуу жайдын профессионалдык – окутуучулук курамга семинар өтүп беришти.

 

 2022 –жылдын 8 жана 9- ноябрь  күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык  университетинин  базасында шаардын билим берүү уюмдары үчүн  математика мугалимдерине  квалификациясын  жогорулатуу  курстары болуп  өттү, алар “Петербургские встречи в Кыргызстане”  программасынын алкагында уюштурулду. Курсту  Россия мамлекеттик  педагогикалык университетинин математикалык билим берүү кафедрасынын  окутуучусу,  Анна Мочкина өтүп берди. Квалификациясын жогорулатуу курсуна кафедранын окутуучулары Исакова Венера, Маматова Замира, Момунова Нурайым  эжекелерибиз  катышышып сертифкатка ээ болушту.  Курстун негизги максаты математика сабагында заманбап сабак өтүү боюнча  мастер- класс багыты боюнча курс өтүлдү.

    

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro