ОшМПУ. Колледж ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ.
Мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрдү.
Ош шаарынан,райондордон жана аймактардан келген Мектепке чейинки билим берүү мекемелердин директорлору НББПны анын максаттары жана күтүлүүчү натыйжаларын талкуулады.Иш берүүчүлөр тарабынан ар кандай сунуш пикирлер айтылып,талкууланып, биргеликте иш алып баруу жактары каралды.Азыр учурдагы эң актуалдуу маселе татыктуу жана өз кесибин сүйгөн тарбиячыны даярдоого көңүл буруу зарыл экенине токтолду. "Кантип даярдоого болот?" деген теманын алкагында пикир алышты.Иш берүүчүлөр өз ойлорун ортого салышып, келечек кесип ээлерин даярдоодо биргеликте иш алып баруу ийгиликтерди жаратарын айтышты.Эртеңки кесип ээлеринин негизги милдеттерин билүү, ага жоопкерчиликтүү мамиле жасоо бүгүнкү күндүн негизги максаты экенине токтолушту.Ош билим берүү институтунун "Мектепке чейинки билим берүү" кабинетинин жетекчиси Ж.А. Кудайкулова сөз сүйлөп окуу жай менен иш берүүчүнүн ортосундагы тыгыз байланышты күчөтүү демилгесин көтөрдү.Эң зарыл болгон маселе бири-бирине көмөктөшүү,усулдук колдоо көрсөтүү экенин баса белгилешти. Жолугушуунун соңунда биргелешип иш алып баруу жана адистикке тиешелүү маселени биргелешип чечүү боюнча токтом кабыл алышты.Кафедранын жамааты тарабынан келген конокторго терең ыраазычылык билдиришти.