Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
16 декабрь 2024
114

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук

9.12.2024-жыл. ОшМПУ. Колледж

Мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы.

Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында МЧ-23-4 тайпасынын студенттери ачык тарбиялык саат өткөрүштү.

Бүгүнкү күндөгү зордук зомбулукка каршы күрөшүү жана адам укуктарын, эркиндиктерин сактоо боюнча иш-чара өткөрүлдү. Азыркы учурдагы теңсиздик, үй-бүлөдөгү чыр чатактардын келип чыгуу себептерин изилдөө, жашы жете элек балдарды басмырлоо жана коркутуу байма-бай болуп жатканынын себептерин талкуулашты. Ар бир адам өз укуктарын билүү жана коргонууга укуктуу экенин видео- роликтер, слайддар жана плакаттар аркылуу тастыктап көрсөтүп беришти.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, бала бакчадагы тарбиячынын балага жасаган туура эмес мамилеси жөнүндө талкуу жүргүзүп, студенттер өздөрүнүн укуктарын билүүгө милдеттүү экен көрсөтүштү. Зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн ар бир жаран өз укуктарын билүү андан коргоону каршы күрөшүүгө толук кандуу укуктуу экенин далилдеп, үгүттөө иштерин жүргүзүү зарыл экенин баса белгилешти.

Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча Кыргыз республикасынын конституциясынын 2 беренесинде көрсөтүлгөнүн жана ар бир адам жарандык укукка ээ экендиги жөнүндө маалымат алышты.

Ачык тарбиялык саатта көптөгөн талкуулар жүргүзүлүп, студенттер мыкты даярдыкта экендигин көрсөтүштү.  

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro