ОшМПУда МУЗЫКАЛЫК КӨРГӨЗМӨ УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда МУЗЫКАЛЫК КӨРГӨЗМӨ УЮШТУРУЛДУ
16 апрель 2023
198

ОшМПУда МУЗЫКАЛЫК КӨРГӨЗМӨ УЮШТУРУЛДУ

ОшМПУда МУЗЫКАЛЫК КӨРГӨЗМӨ УЮШТУРУЛДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Музыкалык билим берүү кафедрасында музыкалык окуу усулдук көргөзмө уюштурулду.
Иш чара окуу жайдын маданий чөйрөсүн таанытуу максатында уюштурулуп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жана окутуучулар катышты. Мында окуу усулдук колдонмолор, ачык сабактардын иштелмелери, китептер жана музыкалык аспаптар көргөзмөгө коюлду.
Андан соң, катышуучуларга факультеттин мыкты вокалисттеринин аткаруусунда жагымдуу чыгармалар тартууланды. Ошондой эле санат-насыят ырлары боюнча Роза Аманова уюштурган конкурста жеңүүчү аталган кафедранын 2 окутуучусуна 1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек, аталган жумалык 17-апрелден 21-апрелге чейин уланып, алдыда ачык сабак, тегерек стол, хордук, вокалдык жана инструменталдык жанрдагы концерттер тартууланмакчы.    
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro