Ош мамлекеттик педагогикалык университети
» » » Ош МПУ ЭКИ ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ
22 апрель 2022
207

Ош МПУ ЭКИ ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

Ош МПУнун эки окутуучусу кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргошту

2022-жылдын 22-апрель күнү Бишкек шаарында И.Арабаева атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн диссертациялык кеңеште Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин педагогика жана психология кафедрасынын улук окутуучулары Шербаева Жыпаргүл Рахманбердиевна жана  Акматова Чынара Асановна 13.00.02. -  окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы ( кыргыз адабияты) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертациялык иштерин ийгиликтүү коргошту.

Жыпаргүл Шербаева педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдикерим Муратовдун жетекчилиги менен Башталгыч класстардын "Адабий окуу сабагында жомокторду окутуунун  методикасы" деген темада кандидаттык диссертациясын изилдеген.

Чынара Акматова педагогика илимдеринин доктору, профессор Сатканбай Момуналиевдин жетекчилиги астында  Башталгыч класстардын “Адабия окуу предметиндеги ырларды компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун методикасы” деген темада илимий ишин изилдеген.

Урматтуу Жыпаргүл Рахманбердиевна жана Чынара Асановна! Сиздерди илим жаатында жараткан албан ийгилигиңиздер менен университеттин жалпы эмгек жамааты жана администрациясы кызуу куттуктайт. Сиздерге бекем ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бактылуулук каалайбыз. Билим берүү тармагындагы ак эмгегиңиздер менен жаштарды билим, тарбия менен суугарып, жогорку кадыр баркка ээ болушуңуздарга тилектешбиз.

   

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош облусу, Ош шаары

Исанов көчөсү 73

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro