Социалдык кызматкерлердик кесиптик майрамы белгиленди » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Социалдык кызматкерлердик кесиптик майрамы белгиленди
19 октябрь 2022
319

Социалдык кызматкерлердик кесиптик майрамы белгиленди

ОшМПУда СОЦИАЛДЫК ИШ АДИСТИГИНИН ТҮЗҮЛГӨНҮНӨ 15 ЖЫЛ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди.
Иш чара окуу жайдагы социалдык иш адистигинин түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгын жана кесиптик майрамды белгилөө иретинде гуманитардык факультетинин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Ага Ош шаардык жаштар иштери комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси Чыңгыз Зулпукар уулу, Ош шаардык маданият башкармалыгынын адиси Керимбек Акматбеков жана факультеттин окутуучулары, студенттери катышышты. Бул менен бирге социалдык иш адистигинин бүтүрүүчүлөрү да келип, майрамдык кечеге күбө болушту.
Иш чаранын жүрүшүндө коомдогу социалдык көйгөйлөрдү камтыган сахналык көрүнүштөр, таланттуу студенттер тарабынан чыгармалар аткарылып, маданий кече тартууланды. Соңунда социалдык иш адистигинде билим алып жаткан мыкты студенттерге жана окутуучуларга факультеттин жетекчилиги тарабынан Ардак грамота жана белектер тапшырылды.
Ошондой эле социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучулар жамааты коомдук массалык иштерге активдүү кытышып, өзүнүн кесиптик милдеттерин мыкты аткаргандыгы үчүн Ош шаардык маданият башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro