Дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасы » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасы
23 октябрь 2023
294

Дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасы

Дене тарбия жана табигый илимдер

кафедрасынын тарыхы

1966-жылы педагогикалык окуу жайы кайрадан түзүлгө ндө н кийин   физика, математика тобу, ИЗО жана ПУМ предметтери менен бирдикте секция болуп уюшулган. Ал мезгилде М.А. Хуршидев, О.Х. Кудайбердиев, М.И.Лебеденко, Б.Исакова, Т.В Маслов, А.Чолпонкулова, Ы. Сатарова ж.б мугалимдер эмгектенген.

            Табигый илимдер секциясы химия, биология секциясынын негизинде уюшулган. Химия, биология секциясынын алгач Сылыйка Усупова жетектеп келген.

            1993-жылы Педагогикалык окуу жайы педагогикалык коллеж болуп ө згө ртүлгө ндө  физика, матиематика жана ИВТ  секциясы уюшулган.

            1994-жылдан баштап В.Н.Крапивко химия, биология секциясын жетектеп келген.

            1997-жылы педагогикалык коллеж Оштогу жогорку коллеж болуп калгандыгына жана жаңы адистиктер ачылгандыгына байланыштуу табигый илимдер кафедрасы болуп уюшулуп, анда 6 окутуучу 2 лаборант, “Жогорку математика жана математиканы окутуунун усулу” кафедрасында  3 илимдин кандитаты, 8 окутуучу эмгектенген.

            1999-жылы февраль айынан баштап табигый илимдер кафедрасын биология илимдеринин кандидаты, доцент  Г.К. Омуралиева жетектеп келген. 2002-жылы окуу жайда Ош жогорку коллежи  Оштогу гуманитардык-педагогикалык институт болуп ө згө рүлгө ндүгүнө  жана педагогикалык коллеж анын структуралык бө лүмү болуп калгандыгына байланыштуу   “Жогорку математика жана аны окутуунун усулу” кафедрасынан орто билимди  тейлөөчү секция бө лүнүп чыгат. Бул секция “Математика , физика жана информатика” секциясы деп аталып аны З. А. Абдувасиева жетектеп келген.

            2003-жылдан “Табият таануу” секциясын К.У Нурмаматова, “Математика жана информатика” секциясын А.С.Мамарасулoва жетектеп келишкен.

            2006-жылдын сентябрь айынан баштап эки секция “Табият таануу” жана “ Математика жана информатика”  биригип “Табигый илимдер” секциясы деп аталып жетекчиси К.У.Нурмаматова.

          2014-жылдан Табигый илимдер  секциясы  кафедра  деп аталды.            2019-ж. ОГПИ нин ОК чечими менен Табигый илимдер кафедрасы Дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасы деп аталды. Учурда кафедраны  КР эл агартуусунун мыктысы,   биология окутуучусу К.У.Нурмаматова жетектеп келүүдө.

Кафедранын миссиясы, максаттары жана милдеттери

  • Мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын арттырууга жана өлкөдөгү адам ресурсун өнүктүрүүгө салым кошуу;
  • Мамлекеттик стандарттарын терең өздөштүрүү аркылуу эл аралык билим берүү мейкиндигине жуурулушуп, окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, билимдин сапатын жакшыртып, улуттук артыкчылыктарды өнүктүрүү менен атаандаштыкка туруштук берүүчү татыктуу адистерди даярдоо;
  • ОГПИнин мыкты салттарын сактоо аркылуу дүйнөлүк алдынкы окуу жайлар, коомдук мекемелер менен тыгыз кызматташып, гуманитардык, табигый илимдердеги изилдөөлөрдүн натыйжалуулугуна жетишүү жана тажрыйбаларга таянып, коомдун, өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу;
  • Жаштарды патриоттуулукка, гуманизимге, адамзаттык баалуулуктарды урматтоого, улуттар арасындагы достукка тарбиялоо. Азыркы коомго керектелүүчү билимдерге жана кесиптик компетенцияларга ээ болууда инсандын муктаждыктарын канааттандыруу. Кыргызстандагы, Борбордук Азиядагы билимдин, илимдин жана маданияттына жетишүү.
  • Окутуунун жаңы, заманбап жана инновациялык технологияларын окутууда пайдаланууну өркүндөтүү;
  • Электрондук технологияны өркүндөтүү;
  • Окуу лабораторияларды регулярдуу түрдө заманбап программалык каражаттар менен камсыз кылуу;
  • Студенттерде кафедрадагы окутулуучу дисциплиналар боюнча билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү жана компетенцияларды калыптандыруу;
  • Студенттерди окутууда алган билимдерин жана көндүмдөрүн тиешелүү адис катарында колдоно билүүгө көнүктүрүү;
  • Окутууну өндүрүш менен тыгыз байланышта алып баруу жана заманбап маалымат технологияларды терең үйрөнүүгө өбөлгө түзүү;
  • Лекциялык, практикалык, лабораториялык сабактарды окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу менен жогорку илимий–усулдук деңгээлде алыпбаруу;
  • Кафедранын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык сабактардын электрондук варианттарын, электрондук окуу китептерин жана колдонмолорун даярдоону өркүндөтүү;
  • Кафедранын методикалык иштерин уюштуруу;
  • Окутуучулар, студенттер үчүн методикалык окуу–колдонмолорду жарыкка чыгарууну өркүндөтүү;
  • Кафедранын багыттары боюнча илимий–изилдөө иштерин аткаруу;
  • Кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу;
  • Окуп-үйрөнүү, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикаларды сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү;

Студенттер үчүн спорттук маданий–тарбиялык иш–чараларды жүргүзүү.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro