ОКУУ ЖАЙДА СТУДЕНТТЕРДИН АЙМАКТЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
ОКУУ ЖАЙДА СТУДЕНТТЕРДИН АЙМАКТЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттердин аймактык илимий-теориялык конференциясы болуп өттү.
Саамалык “Учурдагы билим берүү маселелери студенттердин көз карашында” аталышында болуп, ага Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын орто кесиптик билим берүү жана жогорку окуу жайларынын студенттери катышты.
Конференцияны университеттин илимий иштери боюнча проректору Равшанбек Абсатаров ачып берген соң, пленардык жыйындын докладдары окулду. Мында баяндамачылар билим берүү багытында бир канча актуалдуу темалардын үстүндө даярдалган макалаларын коргоп беришти.
Катышуучулар секциялык иштерге бөлүнүп, өз баяндамаларын жасашты. Секциялык иштердин жыйынтыгы менен конференциянын резолюциясы кабыл алынып, иш чаранын активдүү катышуучуларына дипломдор жана сертификаттар тапшырылды.
Аталган конференцияга кафедранын мугалимдери даярдаган 10го жакын студент катышышты. Колледж бөлүмүнүн Бк-22-9 группасынын студенти Касымова Айкөл пленардык жыйында "Окуучу күткөн заманбап мугалим" деген макаланы жогорку деңгээлде коргоп берди. Конференцияга катышып, актуалдуу темаларды көтөрүп чыгып, жакшы даярдануусу үчүн ар бир студент менен илимий жетекчилер жакындан иш алып барды.
Белгилей кетсек аталган конференция окуу жайдын илимий иштери боюнча проректору жана Музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан уюштурулду.
16.05.2023