ОшМПУнун 98 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ МУГАЛИМДЕРДИ СЫЙЛОО АЗЕМИ
ОшМПУнун 98 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ МУГАЛИМДЕРДИ СЫЙЛОО АЗЕМИ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын 98 жылдыгына карата сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
Билим берүү тармагындагы көп жылдык ак ниет эмгеги, келечек муунга татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучулары Маткасымова Дамира Тумановна жана Темирбаев Куштарбек Ташболотович окуу жайдын ардак грамотасы менен сыйланышты.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору тарабынан кыргыз тилин өнүктүрүүгө арналган “САБАТТУУ БОЛ” өнөктүгүнүн алкагында окутуучулар ортосунда уюштурулган онлайн тест сынагында активдүү катышып, жеңишке ээ болгондугу үчүн кафедранын мугалимдери: Асилбек уулу Өмүрбек жана Исамидин к Айгүл диплом, статуэтка жана окуу жайдын баалуу белектери менен сыйланды.
Аталган сыйлыктар мугалимдерди дагы да чыгармачылык менен иштөөгө шыктандарды. Уюштуруучуларга жана колдоо көрсөткөн жетекчилик жамаатка ыраазычылык билдиребиз!