КОЛЛЕДЖДЕ БАТКЕН ОКУЯСЫНЫН 24 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
КОЛЛЕДЖДЕ БАТКЕН ОКУЯСЫНЫН 24 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
25.10.2023.Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде (1999-2000ж.ж)Баткен окуясынын 24 жылдыгына карата сынак өткөрүлдү.
Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин инсандын руханий адеп – ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жарлыгынын алкагында Аскерге чейинки даярдоо сабагы боюнча "Милдет, Намыс, Ата-Мекен" ураанынын астында жаштарды Ата-Мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоо максатында иш чара өтүп, мында 1-курстун студенттеринен турган 4 команда жана кыздар командасы ( конок катары) ат салышты
Ага ылайык катышуучулар:
1.Саламдашуу
2.Катардагы буруулар марш тебүү
3.Өз өнөрүн тартуулоо
4.Суроо – жооп
5.Автомат калашниковту чачуу жана жыйноо
- Тир атуу
7.Гир көтөрүү
- Биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мелдеш курушуп, кызыктуу оюн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында атайын калыстар тобу тарабынан упайлар берилип, жеңүүчү командаларга жана активдүү катышуучуларга Диплом жана ардак громаталар тапшырылды. Ошондой эле Аскерге чейинки даярдоо предметинин окутуучулары; Махамадсадык Эркинбаев жана Рахманали Мукамадали уулуна жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого кошкон салымы үчүн Баткен согушунун ардагерлери тарабынан медалдар ыйгарылып, Гүлзат Казиева эжекебизге атайын "Ардак грамота" менен сыйланды.
Конкурстун жыйынтыгы:
1-орун Дт-23 тайпасынын «Бөрү” командасы
2-орун Кс-23 тайпасынын Ак шумкар командасы
3-орунду Ан-23-4 тайпасынын Ак илбирс командасы
4-орун: Фин-23тайпасы ийгиликти багынтышты.
Катышкан бардык группалар "Азаматсынар".
Белгилей кетсек аталган иш чара колледждин "Дене тарбия жана табигый илимдер" кафедрасынын окутуучулары Кадыров Касым
Эркинбаев Махаматсадык Мукадамали уулу Рахманали
Казиева Гулзат
Асилбек уулу Өмүрбек тарабынан уюштурулган.