КОЛЛЕДЖДЕ КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » КОЛЛЕДЖДЕ КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ
8 ноябрь 2023
219

КОЛЛЕДЖДЕ КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ

КОЛЛЕДЖДЕ КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Колледжинде "Күз жарманкеси" аталышындагы сынак  болуп өттү.

  Жыл сайын салтка айланып калган бул саамалык колледждин жаштар комитети менен биргеликте дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын биология мугалимдери: Казиева Гулзат, Сарыбаева Чынара, Турдуева Кулпунай , Асилбек у Өмүрбек  тарабынан уюштурулуп,  жана 1-курстун тайпалары мыкты деңгээлдеги даярдык менен катышышты.

    Жарманкеде катышуучулар жобого ылайык 3этапта катыша алышты.

     07.10.23  "Күз керемети" деген темада сүрөт тартуу сынагы болуп өттү.

09.10.23. Ошол эле темада онлайн аркылуу көркөм окуу сынагы уюштурулду.

10.10.23."Күз жарманкеси" жыйынтыктоочу бөлүгү болуп өттү.

Жарманкеде күзгү элести  чагылдырган жалбырактардан жасалган кооз көргөзмөлөрдү, мөмө-жемиштерден жасалган түрдүү даамдарды, икэбаналарды стол үстүнө жайышты. Ошондой эле “Күз периси” аттуу мода көргөзмөсүн тартуулашты. Бул менен бирге аталган иш чара колледждин талантуу студенттери жана жаштар комитети тарабынан концерттик программа менен коштолду.

    Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан  ар бир этап боюнча жыйынтык чыгарылып, ар бир тайпанын чыгармачылыгына карата упай берилип, байгелүү орундарга диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

07.10.2023 ж "Дене тарбия жана табигый илимдер" кафедрасы.

   Колледждин 1-курстарынын арасында "Күз жарманкеси " сынагынын 1- этабы "Күз керемети" аттуу сүрөт тартуу сынагы болуп өттү. Сынакка ар бир тайпадан өнөрү бар студенттерибиз активдүү катышты. Келечек муундарыбызда таланттуу жаштар көп экендиги кубандырат.

 Жыйынтыгында: Ан 23(1) тайпасынын студенти : Сатыбалдиева Элизабета  1-орун,

 Кс-23(1)тайпасынан Даадаев Айтеңир,

 Бк-23(6) тайпасынан Марат кызы Раянна

 2- орун, Хайруллаева Райена, Си-23 тайпасынан Кеңешбек у Бекболот 3-орунду ээлешти.

     Жогорудагы студенттерге Диплом жана сыйлыктар тапшырылды.

Уштуруучулар; Казиева Гүлзат

                             Асилбек у Өмүрбек

                              Сарыбаева Чынара

                              Турдуева  Кулпунай

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro