ОшМПУда ЮБИЛЕЙЛИК САЛТАНАТ жана ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда ЮБИЛЕЙЛИК САЛТАНАТ жана ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
3 ноябрь 2022
632

ОшМПУда ЮБИЛЕЙЛИК САЛТАНАТ жана ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

ОшМПУда ЮБИЛЕЙЛИК САЛТАНАТ жана ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

 

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде коомдук ишмер, илимпоз, тарых илимдеринин доктору, профессор Нурунбетов Балтагул Аттокуровичтин 75 жылдыгына арналган мааракелик салтанат жана эл аралык илимий конференция болуп өттү.

 

Конференция "Фергана өрөөнүнүн тарыхы азыркы изилдөөлөрдө" деп аталып, ага өлкөбүздөгү белдүү илимпоздор, жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, юбилярдын замандаштары, шакирттери, мугалимдер жана студенттер катышышты.

Иш чараны расмий түрдө ректор Бекмурза Зулуев ачып, Б.Нурунбетовду мааракеси менен жамааттын атынан кызуу куттуктоо менен анын ишмердүүлүгү, басып өткөн өмүр-жолуна кыскача токтолду. Ошондой ректор бүгүн бүтүндөй адамзат коому үлгү тутаар, кеменгер, даанышман инсандын юбилейи белгиленип жатканын баса белгиледи.

 

Салтанаттын алгачкы бөлүгү куттуктоо, сыйлык тапшыруу аземи менен коштолуп, мында профессор Накен Касиев, академик Мухаммед Мамасаидовдор баштаган сыйлуу коноктор, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, ЖКнын депутаты Нуржигит Кадырбеков, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев, эл мугалими Гапыр Мадаминов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайлардын ректорлору жана Ассамблея өкүлдөрү куттуктоолорун айтып өтүштү. Ошондой эле Б.Нурунбетов өзү негиздеген “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” жаш өспүрүмдөр уюму профессорду куттуктоо менен уюмдун тартибине ылайык эл алдында ант беришип, жаштар маршын аткарышты.

 

Иш чара пленардык жыйын менен уланып, мында ф.-м.и.д, профессор Каныбек Осмоналиев “Түрк дүйнөсүнүн жаңы стратегиясы” аталышында, т.и.д., профессор Турсунай Өмүрзакова “Фергана өрөөнүнүн тарыхы азыркы изилдөөлөрдө” деген темада өз баяндамаларын жасашты. Ал эми секциялык иштер саат 14:00дөн-16:00гө чейин уланып, мыкты баяндамачыларга сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, конференция Ош мамлекеттик педагогикалык университети жана Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Түштүк бөлүмү, Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институту менен биргеликте уюштурулду.

   

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro