Кафедранын тарыхы » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Кафедранын тарыхы
10 ноябрь 2022
389

Кафедранын тарыхы

  1. Кафедранын тарыхы

Ош Жогорку  Колледжинин Гуманитардык факультет 28-август 1997-жылдагы (протокол №114  5) чечими менен түзүлгөн. Бул факультетте  1996-жылы  540402   укук таануу  адистиги  боюнча  алгачкы студенттер  кабыл алынган.           Ал эми 1998-жылдан баштап 540403 тарых адистиги  боюнча  кадрларды даярдоо  жолго коюлган. Ошого байланыштуу  жогорку квалификациялуу  юрист  жана тарых  адистерин  даярдоонун  окуу усулдук  талабына  ылайык  которуу  максатында  Ош Жогорку Коледжинин  ректорунун  2000- жылдын  1-сентябрындагы  №115  10 буйругунун  негизинде  “ Коомдук  илимдер ”  кафедрасынын  курамынан “ Тарых жана Укук ” кафедрасы  бөлүнүп чыккан. Алгачкы мезгилдерде  кафедраны тарых илимдеринин  кандидаты, доцент Адилбаев Ж.А. жетектеген .2001-жылдан тартып   кафедраны  ага окутуучу Токоев Акыл Азизбекович жетектеп келген.

            2004-жылдын 24-февралында  Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин  ректорунун  №070227  буйругунун негизинде  кафедра “Ата Мекен тарыхы кафедасы”  деп аталып, 2004- жылдын 30-августунда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорунун  №0702110  буйругунун   негизинде  кафедра “ Кыргызстан тарыхы  кафедрасы ” деп аталды. 2006-жылдын  14-апрелинде  Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин   ректорунун  №07-02.31 буйругунун  негизинде “Жалпы тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын” окутуучусу  Шарипова Роза  Зулуновна  2006-жылдын  17-мартынан  “Кыргызстан тарыхы” кафедрасына  кафедра башчы болуп  жетектеп келген.

            Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорунун  №07-02. 87 §18  буйругунун негизинде  Гуманитардык факультеттинин  “Кыргызстан  тарыхы” кафедрасына т.и.к. Дыйканова Шекер Анарбековна  2006-жылдын  28-августунда кафедра башчысы болуп дайындалган.

            Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорунун  №07-02. 85. §8  буйругунун негизинде  Гуманитардык факультеттинин  “Кыргызстан  тарыхы” кафедрасына Т.А.Абжалов  2007-жылдын 29-августунда кафедра башчысы болуп дайындалган. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорунун  № 07-0290 § 1 буйругунун негизинде 29-август 2009-жылы Гуманитардык факультетинин Кыргызстан тарыхы  жана Жалпы тарых жана коомдук илимдер кафедрасы биригип «Тарых» кафедрасы болуп түзүлдү. Т. А. Абжалов кафедранын башчысы болуп 2011-жылга чейин эмгектенген. ОшМПУнун ректорунун №07.02.203 §5 буйругунун негизинде ф.и.к., доцент Р.З.Шарипова «Тарых» кафедрасынын башчысы болуп дайындалды. ОшМПУнун ректорунун 2017-жылдын 27-апрелинде №07-01-86 §3 буйругунун негизинде т.и.к.,доцент Зулпуева Р.Ж. кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Азыркы учурда кафедра башчысы т.и.к.,доцент Осмонов С.Ж.. Кафедрада 11 окутуучу 1 лаборант эмгектент.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro